КРге кайсы өлкөдөн канча тест-система, медкаражаттар келгени айтылды. Тизме

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкерлери
Коронавируска тест жасап жаткан лаборатория кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык штаб өлкөгө сырттан канча тест-система, медициналык коргоочу каражаттар, жабдыктар жана антисептиктер келгенин маалымдады.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб донор өлкөлөр көрсөтүп жаткан гуманитардык жардам боюнча маалымат берди.

Кеп болуп жаткан жардамга тест-системалар, медициналык коргоочу каражаттар, жабдыктар жана антисептиктер кирет.

Тизме:

  • Россия — 13700 тест-система жана аларга 110 таӊгак реагент;
  • Кытай — 7000 тест-система (реагенттер), 200 000 бир жолу колдонулуучу бет кап, 10 000 респиратордук бет кап (№95), 1000 коргоочу медициналык костюм, 1000 коргоочу медициналык халат, 500 термометр, 1000 коргоочу медициналык көз айнек, 1000 медициналык кол кап, 1000 медициналык бахила.
  • Швейцария — Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ҮМБнын мобилдүү бөлүмдөрүн жабдуу менен камсыздады. Ошондой эле 35 концентратордук кычкылтектин келиши күтүлүүдө;
  • Япония — 2000 экспресс-тест (Primers and Probes жана Positive Control);
  • Корея — 500 жуп медициналык кол кап, колдор үчүн 10 литр антисептик, буюм бетин сүрткөн 5 литр спрей-антисептик. Мындан тышкары Кореядагы КР жарандарына 800 бир жолу колдонулуучу бет кап жана 500 миллилитр антисептик берилген;
  • Түркия — 200 таӊгак тест-система, 5000 бир жолу колдонулуучу бет кап, 200 коргоочу костюм, 100 коргоо фильтри бар бет кап, 12 коргоочу көз айнек;

"Манас" университети өзүнүн жатаканасында 250 койка-орунду карантиндик борбор катары бөлүп берди.

Өзбекстан — 16 000 бет кап, 7900 коргоочу комбинезон, 4800 тест-система жана аларга реагенттер, 1000 тонна ун, 20 000 кол кап, 2000 №95 респиратор, 500 коргоочу көз айнек, 200 пирометр.

Россия менен Өзбекстан көрсөткөн гуманитардык жардамдын суммасы такталып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0