Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: сүрөт, фото, кабарлар

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус табылгандан бери 32 күн өтүп, ооруп калгандарды саны кескин өсүп жатат. Соңку маалыматтар боюнча аларды саны 489 болду.

Абалдан улам 25-марттан тарта Кыргызстандагы үч шаар менен үч районго өзгөчө абал киргизилген. Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад калаалары менен Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондору.

Мындай режимге 15-апрелден тарта Нарын шаары менен Ат-Башы району да кабылды. Ал эми калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:24 18.04.2020
19:36 18.04.2020
19:33 18.04.2020

Россия президенти Владимир Путин COVID-19дан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Россияда чет элдиктердин жүрүүсү жана эмгектенүүсү боюнча шарттарды жеңилдетти. Бул тууралуу Кремлдин сайтында жазылган.

Мамлекет башчы убактылуу чаралар боюнча документке кол койду.

Ага ылайык, 15-марттан 15-июнга чейин төмөнкүлөрдү талап кылуу токтотулат:

Чет элдиктердин Россиядагы каттоосу же жумушу боюнча уруксат кагаздарынын мөөнөтү бүтүп баратса;
Ар кандай себептерден улам тиешелүү органдар Россиядан депортациялоо чечимин кабыл алган чет элдиктердин өз эрки менен өлкөдөн чыгып кетүү мөөнөтү келсе;
Чет элдиктерге Россияда убактылуу жашоого, иштөөгө уруксат берген документтердин, визалардын мөөнөтү бүтсө.

Мындан тышкары:

Чет өлкөлүктөрдү жумушка алууга уруксаты бар мекемелер бардык санитардык-эпидемиологиялык шарттарды сактаган учурда чет элдиктерге жумуш берүүгө укуктуу. Бул аралыкта Россияда жашоого жана иштөөгө уруксаты жок чет элдиктерди өлкөдөн чыгаруу чечимдери кабыл алынбайт.

 

Документ бүгүндөн баштап күчүнө кирди.

 

18:55 18.04.2020
18:49 18.04.2020

"2020-жылдын март айынын аягында республика боюнча 255 мобилдик бригада үй карантинине алынган жарандарга көзөмөл жүргүзүүдө.
Акыркы маалыматтар боюнча, 33661 жаран үй карантининен чыгарылып, 26671 жаран көзөмөлдө калган.
Мобилдик бригада үй-бүлөлүк дарыгер, эпидемиолог жана медайымдан түзүлгөн", - деп билдириштии Республикалык штабдан.

17:26 18.04.2020

  19-20-апрелде Кыргызстанга Польша жана Кытайдан медицина боюнча адистердин тобу келет.
"Чет элдик адистер ата мекендик медицина кызматкерлерине коронавирус инфекциясы менен күрөшүүгө жардам көрсөтүшөт. Польша жана Кытай дарыгерлери кыргызстандык кесиптештери менен бул багытта маалымат жана тажрыйба алмашат", - деп билдиришти Республикалык штабдан. 

17:18 18.04.2020

"Бир билгеним — кайда пайда болбосун, эмне болбосун, баары бир коронавирус Кытайдан чыккан. Мындан 184 өлкө жапа чегип жатат", — деген Трамп брифингде сүйлөп жатып.

 

Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Алмак-салмак таратылган билдирүү. Трамп COVID-19 боюнча Кытайга таш ыргытты
16:30 18.04.2020
16:23 18.04.2020
16:19 18.04.2020

Казакстанга Кыргызстандан барган айдоочудан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө абал боюнча мамлекеттик комиссиянын штабына таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, вирус жуктурган адам Кыргызстандын жараны, Токмок шаарынын тургуну.

"Карасу" өткөрүү пунктунан айдоочудан ПЦР-анализи алынып, вирус аныкталды. Ал кайра Кыргызстанга атайын транспорт менен жөнөтүлдү", — деп айтылат кабарда. 

 

14:54 18.04.2020

Ат-Башы районунда COVID-19 аны жуктургандар илдетке кабылганын билбей жүрө берип, көп адамдар менен байланышта болгондугунан улам инфекция тездик менен жайылып кетти. Бул туурасында райондук штабдан кабарлашты.

өткөн сутка боюнча берилген маалыматты республика боюнча коронавирус тастыкталган 17 учур катталса, анын 11и Нарындын Ат-Башы аймагынан болгон. Учурда бүгүнкүнү кошкондо жалпы саны  - 40 адамга жетти.

 

“Бүгүн, 17-апрелде чыккан  11 учур коронавирусту жугузуп алып,  дааваттан келген эки адамдын жакын туугандары болуп жатат. Негизинен үч үй-бүлөдөн чыкты. Булардын жарымы обсервацияда, жарымы үй карантинине болчу. Азыр абалды курчутпай, оорунун таралышын алдын алуу боюнча түзүлгөн мобилдик топтор ооруга кабылгандар кимдер менен байланышта болгонун тактап жатышат”, - дешти алар.

14:53 18.04.2020

17-апрелде Чүй облусундагы №17 үйбүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, бейтапкана жабылган. Кийин ал медиктер менен байланышта болгон 22 адам обсервацияга жаткырылганы айтылган.

"Медициналык кызматкерлер мурдагы обсервация жайларына жатуудан баш тартып, жакшыраак шарттарды түзүп берүүнү талап кылды. Маселе чечилип, алар шаардагы мейманканалардын бирине жайгаштырылды. Учурда вирустун жугушу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.


 

14:20 18.04.2020

Нарын коменданты Аалиев: товар, күйүүчү май ташыган жана банктарга тиешелүү автоунаалардын шаарда жүрүүсүнө тыюу салынган эмес.

14:18 18.04.2020

"Өзгөчө абал киргизилгенден кийин Генералдык штабдан жана ИИМден кошумча күчтөр тартылган. Алар учурда Ат-Башыдагы блок-посттордо иштерин жүргүзүп жатат", - деди Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун коменданты Улан Аалиев. 

13:42 18.04.2020
13:28 18.04.2020
13:18 18.04.2020

Жалал-Абад облусундагы медициналык штабдын орун басары Арстанбек Боржиев:

Жалал-Абад боюнча 4800 адам үй көзөлүндө. Обсервацияда 150 адам жатат. Алардын ичинен 131и медицина кызматкерлери. Кызматын өтөп, обсервацияда тургандар анализин күтүп жатат. Жалпы обсервациядагылардын анализи чыгып, буюрса, эртеңден баштап Жалал-Абаддагы оорулар боюнча маалымат өзгөрүшү мүмкүн.

12:42 18.04.2020

“Облустагы дезинфекция иштерин райондун акимдери менен аныктап алып, иштешип жатабыз. Эгер маселе жаралса, райондук штабга кайрылсаныздар болот”, - деди ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов.

Ал эми суроолор болсо, (3222) 7 25 35 жана кыска номерлүү 112ге чалууга болот деп кошумчалады Сулайманов.

 

12:42 18.04.2020

Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Баймуратов: ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгы менен байланышса, бара турган, дезинфекция кыла турган жерди айтабыз. Элди дезинфекция иштерине тоскоол болбой, үйлөрүндө отуруп тургула деп суранабыз.

12:38 18.04.2020

ӨКМдин Ош шаарынын жана Ош облусунун башкармалыктарынын жетекчилери аймакта өзгөчө кырдаалдын, суу ташкындарынын алдын алуу, кесепетин жоюу, дамбаларды бекемдөө  иштерин жүргүзүп жатканын айтышты.  

12:29 18.04.2020
12:28 18.04.2020

“Ноокат районунда - 8, Кара-Сууда - 4 жердеги обсервацияда дардалган орундар бар”, - деди ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов.

12:23 18.04.2020

“Ош шаарынын аймагында обсервация жайларында – 2820 орун бар. 1070 орун даярдап койгонбуз. Ал жерде 134 киши азыр жатат. Госпитализацияда – 63 адам бар. Жаткандар жана медиктер тамак-аш менен камсыздалып жатат”, - деди ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Баймуратов Нурланбек.

12:00 18.04.2020

“Дезинфекция иштери Кара-Суу, Ноокат райондорунда кырдаалга жараша жана башка жети райондун бардыгында дезинфекция иштери жүргүзүлүп жатат. Мында ӨКМдин өрт өчүрүүчү өздүк курамдары иштөөдө. Көчөлөрдө, банктарда бул иш күчөтүлүп жасалып жатат. Ал эми соода-сатык болгон жайларга да көзөмөл жүргүзүлөт”, - деди  ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Асан Сулайманов

11:57 18.04.2020
11:16 18.04.2020

"Кечээ шаардын көчөлөрүн кыдырсам, күн жылуу болгондуктан эл санитардык эрежелерди сактабастан, эшикке чыгып сейилдеп, велосипед тээп жүрөт. Бул эмне деген жоопкерсиздик", - деген суроо салды Орозалиев. 

Мындан улам чет өлкөлөрдөгү оору тарап кеткен жана эл каза болгон окуяларды эскертип кетким турат деп кошумчалады комендант.

Бул абалга түшүнүү менен карап, иштеп жаткандардын эмгегин сыйлоо зарылдыгын айтты.

11:14 18.04.2020
11:10 18.04.2020

"Кыргызстанда медицина кызматкерлери жетиштүү, зарыл учурда эмгек өргүүдө жүргөндөрдү тартабыз. Медицина кызматкерлеринин арасында өз ыктыяры менен COVID-19 жуктурган очокторго баргандар бар”, - саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев. 

11:07 18.04.2020

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

Бишкек шаарында — 74;
Жалал-Абад шаарында — 5;
Ош шаарында — 6;
Сузак районунда — 1;
Ат-Башы районунда — 5;
Кара-Суу районунда — 5.

Ал эми Ноокат, Сузак райондорунда жана Нарын шаарында тартип бузуу болгон жок.

 

10:31 18.04.2020
10:30 18.04.2020
10:28 18.04.2020

Ош облусу – 140

Бишкек шаары  - 102

10:28 18.04.2020

Жалал-Абад облусу – 93

Ош облусу – 140

Ош ш. – 74

Чүй облусунда – 28

Бишкек ш. – 102

Баткен облусунда – 5

Нарын облусу – 56

Ысык-Көл облусунда – 8 киши

10:25 18.04.2020

Үсөнбаев: Ооруга шектүүлөрдүн даректери жок болуп калган же табууга мүмкүнчүлүк болбой калса, ИИМ кызматкерлерине кайрылып, алар менен ишөөгө мүмкүнчүлүк бар.

10:17 18.04.2020

Бишкек ш. – 4
Жалал-Абад облусу – 12
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 130 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды

10:14 18.04.2020

Ош облусу – 5
Ош ш. – 1
Нарын облусу - 11
Жаӊы катталган учурларда 4 аял, 13 эркек.

10:11 18.04.2020
10:10 18.04.2020
10:09 18.04.2020
10:07 18.04.2020
10:05 18.04.2020
10:05 18.04.2020
10:05 18.04.2020
10:02 18.04.2020
Жаңылыктар түрмөгү
0