Кыргызстанда дагы 16 киши коронавирустан сакайды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДарыгерлер
Дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19дун жайылышынан улам Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги күн сайын маалымат берүүдө.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 16 адам коронавирустан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

“16 адамдын тең абалы жакшы, үйлөрүнө жиберилди. Алардын төртөө Бишкек шаарынын, калган 12 киши Жалал-Абад облусунун тургундары. Ошондо жалпы сакайгандардын саны 130 болду”, — деди министрдин орун басары.

Коронавирустун кесепети

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: сүрөт, фото, кабарлар
Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik редакциясы карантин учурда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0