Чыдай тургула, акчаңарды аласыңар! Комендант батир кожоюндарына кайрылды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүТурак үй. Архив
Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
18-апрелге карата алынган маалымат боюнча, дагы 17 адамдан коронавирус табылды. Бактыга жараша бул сапар илдетке кабылгандардын арасында медиктер жок.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев бүгүнкү брифинг учурунда борбор калаада ижарага берилген батирлердин кожоюндарын сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырды.

"Ушул тапта көптөгөн жарандарыбызга моралдык жана материалдык жактан оор болуп турат. Ижарага батир бергендерден суранарым, мындай оор учурда көп балалуу үй-бүлөлөрдү сыртка чыгарып койбогула. Сабырдуу болгула. Вирусту жеңип, жашообуз өз нугуна түшкөндө акчаңарды аласыңар", — деди комендант.

Бишкек коменданты Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Комендант: Бишкекте оор кылмыштардын саны азаюуда
Ошондой эле ал шаардын ар бир тургунунан жакындарына, туугандарына жана коңшуларына колдон келген жардамын аябай, татаал кырдаалдан чыгып кетүүгө кол кабыш кылуусун өтүндү.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0