№13 бейтапкананын дарыгери дагы COVID-19 жуктурганбы? Расмий жооп

© AFP / MARTIN BUREAUДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтапкана жетекчилиги кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберди.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкектеги №13 үй-бүлөлүк медицина борборунун дарыгери үй карантинине чыгарылып, бейтапканада дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

"Аталган бейтапкананын дарыгери үй карантининде жаткан адамды текшерүүгө барган. Кийин ал кишиден коронавирус табылган. Азыр ал жаран жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланууда. Ал эми дарыгер эки жолу COVID-19 вирусуна анализ тапшырып, жыйынтыктары таза чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок бейтапкана жетекчилиги кызматкерлеринин жана ал жакка караштуу калктын коопсуздугу үчүн дарыгерди үй карантинине жиберди.

Маалыматка караганда, учурда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө, бейтапкана 19-апрелден баштап штаттык тартипте иштей баштайт.

Эске салсак, 17-апрелде Чүй облусундагы №17 үйбүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, бейтапкана жабылган. Кийин ал медиктер менен байланышта болгон 22 адам обсервацияга жаткырылды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 кайсы аймакта канча кишиге жукту. 18-апрелге карата маалымат
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0