Башкы байлык - ынтымак. Жээнбеков православдарды Пасха майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Президент бардык диндер арасындагы бири-бирин сыйлаган маанайдагы кызматташууну, маданияттуу көп түрдүү коомчулукту сактоо маанилүү экенин айткан.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков христиандардын Пасхасы адамдардын жүрөгүнө үмүт, келечекке ишеним жаратып, кубаныч тартуулаарын айткан.

"Биздин жергебизге бул майрам конфессиялар арасындагы диалогду түзүп, толеранттуулукка жана калктын биримдигине себепкер болуп келет. Адамдардын арасындагы сабырдуулукту жаратып, кайрымдуу болууга, муктаж болгондорго кол сунууга шарт түзөт. Биз бардык диндер арасындагы бири-бирин сыйлаган маанайдагы кызматташууну, маданияттуу көп түрдүү коомчулукту сактап жана өнүктүрөбүз. Бул - биздин өлкөнүн башкы байлыктарынын бири", — деп айтылган президенттин куттуктоосунда.

Жээнбеков бардык кыргызстандыктарга ден соолук, аманчылык жана бакыт каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0