Жакшы шарт талап кылган №17 бейтапкананын медиктери мейманканага жайгаштырылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшМедицина кызматкерлери. Архив
Медицина кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-апрелде Чүй облусундагы №17 үйбүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, бейтапкана жабылган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. №17 үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлери жакшы шарттарды талап кылган соң Бишкектеги мейманканалардын бирине жайгаштырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Эске салсак, 17-апрелде Чүй облусундагы №17 үйбүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, бейтапкана жабылган. Кийин ал медиктер менен байланышта болгон 22 адам обсервацияга жаткырылганы айтылган.

"Медициналык кызматкерлер мурдагы обсервация жайларына жатуудан баш тартып, жакшыраак шарттарды түзүп берүүнү талап кылды. Маселе чечилип, алар шаардагы мейманканалардын бирине жайгаштырылды. Учурда вирустун жугушу боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
№13 бейтапкананын дарыгери дагы COVID-19 жуктурганбы? Расмий жооп
Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0