Текеберленбе! Өзгөчө абал учурунда милиция менен элдин сүйлөшүү этикети

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVАйдоочунун документин текшерип жаткан милиция кызыматкери. Архив
Айдоочунун документин текшерип жаткан милиция кызыматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан "Этикет" рубрикасынын алкагында коомдук жайларда жана ар кыл жагдайда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Акыркы күндөрү өлкөдөгү абалга байланыштуу көчө тартибин карап жүргөн милиция кызматкерлери менен кайым айтышкан жарандардын видеолору тарап, интернетте элдин эрмегине айланды.

Атургай Бишкекте бет кап кийбей кетип баратканы үчүн милициядан эскертүү алып, каршылык көрсөттү делген 23 жаштагы кыз 15 суткага тергөө абагына киргизилди.

Канткенде мындай көрүнүштөрдү алдын алса болот? Негизи эле бүгүнкүдөй катаал учурда көзөмөл органдарынын кызматкерлери менен карапайым элдин ортосундагы мамиле кандай болушу керек? Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга ИИМдин маалымат кызматы, психолог Перизат Калмаматова жана этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Сабырдын түбү сары алтын

Киши жумуш боюнча видеоконференцияда катышып жатат - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кетпей, жооп бер. Дистанттык түрдө иштеген жамааттагы этикет
Психологдун айтымында, изоляция учуру адам үчүн чоң сыноо. Мурдагы жашоо образы толугу менен өзгөрүп, эркиндик чектелет. Каалаган жагына басып-тура албаган, көндүм адаттарын ишке ашыра албаган киши чүнчүйт, айрым учурда агрессияга алдырат. Үйдөн чыкпай отура берген учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда дагы ар кандай пикир келишпестиктер болушу мүмкүн. Андыктан укук коргоочулар кыжырланып, урушкусу келип турган адамды көргөндө кылдатыраак мамиле кылганы жакшы. Ошол эле учурда адам өзү дагы мунун баары убактылуу нерсе экенин, жашоо эртеби-кечпи нугуна түшөрүн унутпай, өзүн токтоо, татыктуу алып жүрүүгө аракет кылышы керек.

Баарынан кабардар бол

Дүйнөдө бүгүнкүдөй оор абал түзүлүп турганда эрежелер, шарттар күн эмес, саат сайын өзгөрүп жатат. Мисалы, эртең менен сыртка чыгуу үчүн бир гана паспорт жетиштүү болсо, кечке маал керектүү документтердин тизмеси узарып кетиши толук ыктымал. Андыктан күнүмдүк жаңылыктардан кабар алып туруңуз. Карантиндик аймакты, ошол эле документтер тизмесин, барчу жагыңыздын иш тартибин билбесеңиз, сыртта бир топ көйгөй жаралышы мүмкүн.

Милициянын милдети

Милиция өзгөчө абал же өзгөчө режим киргизилген аймакта иштеп жатканда ары-бери жүргөн жарандардан документин жана сыртта жүрүү максатын суроого укуктуу. Айта кетчү нерсе, укук коргоо кызматкери жаранга оюн так жана жеткиликтүү түшүндүрүп, болушунча сылык болушу шарт.

Жаран эмнеге милдеттүү

Ал эми жаран мыйзамга баш ийип, милиционер тарабынан коюлган талаптарды аткаруусу керек. Эгер ал мыйзамсыз кадамдар болду, укугум бузулду деп эсептесе, дароо чатак чыгарбай, алардан жогорку жактарга арыз менен кайрылса болот. Ошол жерден ызы-чуу кылуунун ашыкча "баш оорудан" башка пайдасы жок. Анын үстүнө айланадагы башка адамдарга ыңгайсыздык жаралат.

Кайсы учурда видео тартууга болот

Бири бирин кучактаган кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кутула тажагансыбай, жылуу сөздү көбүрөөк айтыңыз. Белек берүү этикети
Пикир келишпестик болуп, талаш жараткан маселе чыгып калса, кайсы гана тарап болбосун экинчи жагына эскертип туруп видеого тартууга укуктуу. Шарт боюнча бул видеолор кырдаалга баа берип, кимдики туура, кимдики туура эместигин аныктоочу жактарга гана көрсөтүлүшү керек. Бирок азыркыдай ар бир кишинин колунда интернетке кошулган смартфон бар заманда бир нерсени жашырып коюу мүмкүн эмес. Андыктан интернет жылдызына айланбайм десеңиз, сабырдуулукту биринчи орунга коюңуз.

Текеберленбе

Кыжырлануу менен текеберлик эки башка нерсе. Албетте, кыжырланганда адамдын оозунан ар кандай сөздөр чыгышы мүмкүн. Кишинин мындай абалын көргөн "каршылашы" кырдаалды курчутпай, жайгарууга аракет кылышы керек. Бирок атайылап бирөөнү кемсинтүү, атуулдук беделине шек келтирүү адамгерчиликке жатпайт.

Биримдикке чакыруу

Сиркеси суу көтөрбөй турган адамга мактоо жана өзүнүн керектүү экенин сездирген жылуу сөз айтып коюу абалды жайгаруунун эң жакшы жолу. Мисалы, бүтүндөй өлкөнүн башына түшкөн оор сыноодон чыгууга ар бир жаран кол кабыш кылуусу керектигин, көйгөйдү ынтымак менен жеңүү алда канча оңой экенин дагы эске салып туруу керек. Айрым кишилерге мындай жылуу сөздөр майдай жагат.

Жаңылыктар түрмөгү
0