Коронавируска эң көп селсаяктар кабылды. Сан-Францискодо окуган Уландын маеги

© Фото / из личного архива Улана АпсатараАКШнын Сан-Франциско шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Улан Апсатар
АКШнын Сан-Франциско шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуган Улан Апсатар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ бүт дүйнөнү санаага салган коронавирус илдетинен жапа чеккен өлкөлөрдүн сап башына чыкты. Азыркы учурда өлкөдө вируска кабылгандардын саны жарым миллиондон ашса, каза болгондор 22 миңден өттү.

28 жаштагы Улан Апсатар АКШнын Сан-Франциско шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде окуйт. Sputnik Кыргызстан агенттиги кыргызстандык студент менен баарлашып, Сан-Францискодогу азыркы абал, шаар бийлигинин коронавирустун алдын алуу үчүн кылган иштери жана карантин тууралуу пикирин алды.

— Улан мырза, Сан-Франциско шаарында эмне менен алексиз?

— Мен Сан-Франциско шаарына өткөн 2019-жылдын декабрь айында келгем. Бул жерде Линкольн университетинин Финансы менеджменти факультетинде магистратурада окуп жатам. Кадимкидей эле студент катары батирде турам. Замбия, Египет, Иран жана Нигериядан келген студенттер менен чогуу жашайм. Азыркы учурда биз да дүйнөдөгү башка элдер сыяктуу эле болушунча көчөгө чыкпоого, үйдө отурууга аракет кылып жатабыз.

— Сан-Францискодо абал кандай?

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
— Сан-Франциско АКШда коронавирус биринчилерден болуп жайылган шаарлардын бири. Туристтер аябай көп. Ошондой эле Түндүк Калифорниянын финансы жана маданият борбору катары да эсептелинет. Андыктан шаарга кирип-чыккандардын саны абдан көп. Мындан улам вирус бизге эрте келди. Бирок 900 миң калкы бар шаарда 987 жаранга гана вирус жуккан. Ал эми каза болгондордун саны ондон ашты. Өзүңүздөр билгендей, өлкөнүн башка жерлеринде, Нью-Йорк, Нью-Жерси сыяктуу чоң штаттарда абал абдан оор. Бизде аларга салыштырмалуу оорукчандардын саны аз. Ошол эле учурда вируска эң көп кабылган катмар — селсаяктар. Себеби алар карантин эрежелерин сактабай, бири-бирине жакын жүрө беришет.

— Эмнеден улам Сан-Францискодо коронавируска чалдыккандардын саны аз?

— Коронавирус жаңы жайыла баштаганда Сан-Францискодо жайгашкан Apple, Google, Twitter, Facebook компаниялары биринчилерден болуп онлайн иштей башташты. Ошондой эле бизде АКШда алгачкылардан болуп lockdown же болбосо карантин жарыяланды. Көп адам чогулган кафе-ресторандар, ишканалар жумушун токтотуп, баары үйдөн иштеп калышты. Мамлекеттик кызматтардын да 80-90 пайызы иштебей жатат. Жалпылап айтканда, вирусту жайылтпоо үчүн башкаларга караганда эртерээк аракет кылып башташты. Шаар бийлиги өз убагында туура иш алып баргандыгы үчүн азыр жыйынтык жакшы.

© Фото / из личного архива Улана АпсатараУлан Апсатар: Сан-Францискодо расалык жактан эч кандай түшүнбөстүктөр жаралган жок. Болбосо шаар калкынын 20 пайызын кытайлар түзөт. Мунун негизги себеби Сан-Франциско көп улут жашаган прогрессивдүү жер.
Коронавируска эң көп селсаяктар кабылды. Сан-Францискодо окуган Уландын маеги - Sputnik Кыргызстан
Улан Апсатар: Сан-Францискодо расалык жактан эч кандай түшүнбөстүктөр жаралган жок. Болбосо шаар калкынын 20 пайызын кытайлар түзөт. Мунун негизги себеби Сан-Франциско көп улут жашаган прогрессивдүү жер.

— Карантин кандай өтүп жатат?

— Негизинен эч кандай кыйынчылыктар байкалган деле жок, жеңил өтүп жатат десем болот. Көчөдө күнүмдүк жашоосу менен алек болуп, спорт менен машыгып же паркта эс алып жүргөндөр деле кездешет. Бирок баары бири-биринен болушунча алыс турганга, жакындабаганга аракет кылып, бет кап тагынып жүрүшөт. Башында гана бир аз көйгөйлөр жаралган. Мисалы, маска жетпей, баасы кымбаттап кеткен учурлар болду. Мен өзүм да ошол кезде бир бет капты 40 долларга алдым. Бирок азыркы учурда баары жетиштүү. Кээде гана анча-мынча дүкөндөрдө макарон, жумуртка сыяктуу азыктардын түгөнүп жатканын жаңылыктардан угуп калам.

Ситуация в Франции из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги
Бир нерсе сатып алгыбыз келсе атайын буюртма берүүчү тиркемелерди колдонобуз. Кызматкерлер баарын алып келип эшиктин алдына коюп коюшат. Буга чейин деле көпчүлүк учурда ушундай болчу. Азык-түлүк дүкөндөрү, тамактануучу жайлар көбүнчө буюртма менен иштешчү. Азыр болгону алар менен бетме-бет жолукпай калдык. Анткени акысын да электрондук түрдө төлөйбүз. Эгерде дүкөнгө барууга туура келип калса, ал жерде кол араба же кутуну кызматкерлер бат-баттан дезинфекциялап турушат.

— АКШ бийлиги коронавирустан улам жумушсуз калгандарга, кыйналган жарандарга жардам көрсөтүп жатабы?

— Экономикалык кризис менен күрөшүү, абалды жөнгө салуу үчүн жалпысынан 2 триллион доллар бөлүндү. Бул каражат коронавирустан жапа чеккен жарандарга, ишканаларга берилет. Эмитен эле каржылык жардам алып жаткан инсандар бар.

— Университеттеги окууңуз кандай өтүп жатат?

— Окуулардын баары онлайн уланып жатат. Атайын тиркеме аркылуу мугалим бизге шилтеме жөнөтөт. Сабак сааты келгенде компьютерден же болбосо телефондон кирип катыша беребиз. Мугалим жана тайпадагы жыйырмадай студент видеобайланыш аркылуу кадимкидей сабак өтөбүз.

— Коронавирус башталгандан бери азиат тектүүлөр басмырлоого учураган окуялары кезиге баштады. Сан-Францискодо мындай көрүнүштөр кездешкен жокпу?

Ситуация в Италии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Италияда жашаган Сарногоева: карантинге каршы чыгып жатып, вирус жайылып кетти
— Мен да мындай жагымсыз көрүнүштөр тууралуу интернеттен окуп калам. Сан-Францискодо расалык жактан эч кандай түшүнбөстүктөр жаралган жок. Болбосо шаар калкынын 20 пайызын кытайлар түзөт. Мунун негизги себеби Сан-Франциско көп улут жашаган прогрессивдүү жер. Көпчүлүктүн айлык акысы жогору, билимдүү инсандар.

— Шаардагы кыргыздардын абалы кандай?

— Жалпылап алып караганда жакшы. Менин билишимче арасында ооругандар жок. Болгону бизнес менен алектенгендердин баары онлайнга өтүштү. Ошентсе да баарыбыз коронавирус токтобосо эмне болот деп ден соолугубуз, экономикалык абалыбыз үчүн коркуп жашап жатабыз.

— Кыргызстанга кайтуу оюңузда жокпу?

— Жайкы каникулда Кыргызстанга барууну ойлоп жаткам. Азыр баары белгисиз болуп калды. Бул жакта көптөн бери жашаган досторум да мага "өтө туура эмес убакытта келип калдың" деп күлүп калышат. Эми абал ушундай болуп улана берсе эч жакка чыга албай калуум мүмкүн. Эгер андай боло турган болсо бул жерде эле калып, иштейм деген ойлор бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0