Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында

Даттануулар иликтенет. Республикалык штаб медиктердин көйгөйүн карады

191
Боронов медицина кызматкерлеринен түшкөн даттануулар тармактык мамлекеттик органдардын жана айрым мекемелердин башчыларынын ишти жетишсиз алып баргандан улам жаралууда деген.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги жергиликтүү бийлик менен биргеликте COVID-19 очокторунда иштеген ар бир медицина кызматкерин коргоо кийими менен камсыздоону күчөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылган.

"Медицина кызматкерлери көтөргөн маселелердин жана даттануулардын бардыгы дыкат изилденип, кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмалар берилүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Жыйынга өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин жер-жерлердеги санитардык дарыгерлери жана координаторлору катышты.

Анда COVID-19 менен каршы күрөшүүгө тартылган медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыздоо маселелери талкууланган.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматында, бүгүнкү күндө жеке коргонуу каражаттарынын зарыл саны бар, Бишкектен медицина буюмдары жана коргонуу каражаттары ташылууда.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен түшкөн даттануулар тармактык мамлекеттик органдардын жана айрым мекемелердин жетекчилеринин жетишсиз ишинин күбөсү экендигин белгилеген.

"Медицина кызматкерлеринен түшкөн ар бир даттануу териштирилип, кемчиликтерди четтетүү боюнча тапшырмалар берилип жатат. Саламаттык сактоо министрлиги өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондордун акимдери менен биргеликте иштеши керек. Инфекция чыккан жерлерде иштеген жана коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгон ар бир дарыгердин, медицина кызматкеринин коргоо кийимдери менен жетиштүү көлөмдө камсыз болушун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө тийиш. Жергиликтүү бийлик органдары илдетти жуктурууга жол бербөө үчүн медицина кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттарын колдонуунун санитардык эрежелерине окутуу иштерин көзөмөлгө алсын", — деген Боронов.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов донордук уюмдардан 63 жасалма дем алдыруучу жабдуу алуу боюнча иштер жүрүп жатканын айтты.

"Кыргызстанга 19-апрелде Польшадан, 20-апрелде Кытайдан адистер келишет. Алар окутуу жүргүзүп, дарыгерлерге кеңеш беришет", — деди министр.

Андан сырткары аталган министрликке эки күндүк мөөнөттө март айы үчүн өбөлгөлөөчү төлөмдөрдү төлөөнү аяктоо тапшырылды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны бүгүн 506га жетти. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Учурда өлкө аймагында эмне болуп жаткандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан көрсөңүз болот.

191
Белгилер:
медицина, коронавирус, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1453)
Тема боюнча
№13 бейтапкана иштеп жатат. Мэрия Республикалык штабдын билдирүүсүн төгүндөдү
Кыргызстандагы коронавирус боюнча абал: сүрөт, фото, кабарлар
Кыргызстандын желеги жана акча. Архивдик сүрөт

Тышкы карыз көйгөйү кантип чечилет? Жээнбековдун сунуштарына түшүндүрмө

24
(жаңыланган 18:08 29.05.2020)
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков 28-майда өткөн эл аралык форум боюнча өз оюн билдирип, президенттин сунуштарына түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын архивдик сүрөтү
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Эске салсак, 28-майда "Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара" аттуу эл аралык онлайн форматындагы форумга Кыргызстан да катышкан. Анда Сооронбай Жээнбеков тышкы карызды чечүүнүн үч этабын сунуштаган. Биринчи этабында "тышкы карызды терең реструктуризациялоо зарыл" деп жазылып турат.

Сыдыков карызды реструктуризациялоо маселесине токтолгон.

"Карызды реструктуризациялоо — өкмөт белгилүү бир долбоорду жүзөгө ашырып, аны каржылап, өзүнүн бюджеттик каражаттарын бөлүп берет дегенди түшүндүрөт. Ал эми тышкы карызды берген өнөктөш өлкө карыздарын кечет. Мунун баары тиешелүү келишим менен даярдалат", — деди Сыдыков.

Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы өкмөт жакын арада бул маселе боюнча конкреттүү сунуштарды даярдап, өзүнүн көз караштарын билдирет деп кошумчалады. Ошондой эле тышкы карызды терең реструктуризациялоо жаатында өнөктөш мамлекеттер менен сүйлөшүүлөр жүрөт деген ишенимин билдирди.

"Дүйнөдө мындай тажрыйбалар колдонулуп келет жана бул кадыресе көрүнүш", — деди Сыдыков.

Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард доллар. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

24
Белгилер:
сунуш, форум, Тышкы карыз, Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт
Гүлдөгөн талаа. Архив

Министр: 1-июндан тарта кыргызстандыктар тоо, капчыгай, көлгө бара баштаса болот

47
Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандыктар 1-июндан баштап тоо, капчыгай, көлгө тоскоолдуксуз бара алышат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, бул датадан тарта аталган жерлерде бардык шлагбаумдар алынышы керек. Министр тоого же көлгө эс алууга барчуларга жанында документ сөзсүз болушу керектигин эскертти. Анткени жолдо санитардык-карантиндик посттордон документ текшерип, дене тапты өлчөп калышы ыктымал.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 1662ге жетти. Анын ичинен 1088 бейтап айыгып чыгып, 16 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

47
Белгилер:
коронавирус, эс алуу, капчыгай, көл, тоо
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1453)
Тема боюнча
Бир айылдан эле 30дан ашык киши COVID жуктурган. Чаткалда азыр абал кандай?
10 объектини кыдырсаң, ардактуу турист болосуң! Өлкөдөгү өзгөчө сынак
Министр: туристтер Ысык-Көлгө эч тоскоолдуксуз кире алат
Олимпиадалык шакектер жана желек. Архив

Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт

0
(жаңыланган 18:47 29.05.2020)
Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турат.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандык курама командалар эл аралык мелдештерге 1-июндан тарта даярдануусун баштап, машыгууларга киришет. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.

Биринчи кезекте сөз Токио Олимпиадасына жолдомо берилчү мелдештерге катыша турган курама командалар тууралуу болуп жатат.

Эл аралык мелдештер башталса, катышуу үчүн олимпиадалык эмес жана улуттук спорттук оюндардын түрлөрү боюнча дагы машыгуулар башталат.

"Курама командалардын мүчөлөрү машыгуудан мурда медициналык кароодон өтүшөт. Машыгуулар өтчү жайларда бардык санитардык нормалар сакталып, эпидемияга каршы иш-чаралар маал-маалы менен өткөрүлүп турмакчы. Спортчулардын дене табы текшерилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок өлкө ичиндеги мелдештер боюнча азырынча так маалымат айтыла элек.

Эске салсак, Токио шаарындагы Олимпиада 2021-жылы өтмөкчү. Ал пандемиядан улам ары жылдырылган.

0
Белгилер:
карантин, машыгуу, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
"Спартак" стадионунда машыгууга уруксат берилип, бирок бир шарт коюлду