Коронавирус дагы 48 кишиге жукканы аныкталды. Азыркы абал

© REUTERS / Willy KurniawanМедициналык кызматкер коопсуз костюмчан иш учурунда. Архив
Медициналык кызматкер коопсуз костюмчан иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушу тапта коронавирустун айынан Кыргызстандын төрт шаары менен төрт районунда өзгөчө абал режими иштеп жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 48 кишиден коронавирус табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Жалпы бейтаптардын саны 554кө жетти. Бүгүнкү маалыматтан вирус аныкталган тогуз киши Бишкекте, дагы тогуз адам Ош шаарында, жетөө Ош облусунда, тогуз бейтап Жалал-Абадда, 11 киши Нарында, бирөө Баткенде, дагы экөө Чүй облусунда экени белгилүү болду.

"Бишкек менен Нарындагы үч бейтап айыгып чыкты. Ал эми жаңы катталгандардын арасында 18 медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Ушу тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0