COVID-19: он алты кишинин абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө

© REUTERS / Tatyana MakeyevaМедициналык дарыгер коопсуз костюмчан тез жардам унаасынын жанында. Архив
Медициналык дарыгер коопсуз костюмчан тез жардам унаасынын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда коронавирус жуктуруп ооруканада жаткандардын саны - 416. Ондон ашыгынын абалы оор деп бааланып жатканы маалымдалды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска чалдыккан 16 кишинин абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, стационарларда 416 киши жатат. Көбүнүн абалы канааттандырарлык.

Эске сала кетсек, өлкөдө бир суткада 48 киши коронавирус жуктуруп алды.

Медициналык кызматкер коопсуз костюмчан иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус дагы 48 кишиге жукканы аныкталды. Азыркы абал
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0