Министрлик: эмдиги жумада мындан да көп кишиден коронавирус аныкталышы мүмкүн

© Фото / Пресс-центр Минздрава КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдет жогорку чегине жеткен соң абал акырындап турукташып, сандар азая башташы мүмкүн. Ошондон баштап чектөө чараларын ала баштаса болот.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Адистер Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги кийинки жумага туура келерин божомолдоп жатат. Анда COVID-19 жуктургандардын саны мындан да көбөйүшү ыктымал. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жогорку чекке жеткенден кийин адатта абал турукташа баштайт.

"Илдет жогорку чегине жеткен соң абал акырындап турукташып, сандар азая башташы мүмкүн. Ошондон баштап чектөө чараларын ала баштаса болот", — деди Үсөнбаев.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын саны 554кө жетти. Анын ичинен 134ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 133 адам айыгып чыкса, бешөө көз жумду.

Медициналык дарыгер коопсуз костюмчан тез жардам унаасынын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: он алты кишинин абалы оор, тогузу жандандыруу бөлүмүндө
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним номерлерин жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0