Коронавирус жуктуруп албагыла! Бишкек коменданты шаардыктарга кайрылды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев
Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда бишкектиктерди көчөгө, паркка себепсиз чыкпай кое турууга чакырды.

Анын айтымында, эки күндөн бери Бишкектин түштүк райондорунда көчөгө чыккандар, айрыкча паркта сейилдегендер көп болууда.

"Калаанын түштүк райондорундагы парктарда адамдардын топтолушу өзгөчө көп. Урматтуу шаардыктар, өзүңөргө, жакындарыңарга, үй-бүлөңөргө коронавирус жуктуруп албагыла! Вирус жуктуруп алгандардын саны күн санап өсүүдө. Өкмөттүн сунуштарына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырат элем. Биз сиздердин саламаттык жана коопсуздук үчүн тынымсыз иштеп жатабыз. Үйүңүздөрдөн чыкпай кое турууну суранабыз", — деди Орозалиев.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптардын саны 554кө жетти. Анын ичинен 134ү медицина кызматкерлери. Илдеттен 133 адам айыгып чыкса, бешөө көз жумду.

Турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чыдай тургула, акчаңарды аласыңар! Комендант батир кожоюндарына кайрылды
Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0