Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт

© Фото / из личного архива Сатыбалды ЧериковаОкумуштуу, ойлоп табуучу Сатыбалды Чериков
Окумуштуу, ойлоп табуучу Сатыбалды Чериков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуу, ойлоп табуучу Сатыбалды Чериков 35 жылдан бери илим тармагында. Адистиги боюнча технолог жана механик өзүнүн изилдөөлөрүнүн аркасында бир катар өндүрүш жайларын ишке киргизип, илим менен продукция чыгарууну айкалыштырып келет.

Техника илимдеринин кандидаты, тажрыйбалуу илимпоз менен Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы маек курду.

— Бир эле илим түрдүү багыттарга бөлүнөт эмеспи, адистигиңиз боюнча эмне иштер менен алектенесиз?

— Азык-түлүк коопсуздугу деген түшүнүк бар. Мен көп жылдан бери тамак-ашты узак мөөнөткө сактоо менен иштеп келем. Себеби жер бетинде калктын саны тездик менен өсүп, айдоо аянттары азаюуда. Азыр курал-жарак, согушу жок эле Африкада канчалаган адам ачкачылыктан каза болуп жатат. Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү өзүнүн тамак-ашын 50 жылга чейин сактоонун ыкмаларын ойлоп тапкан. Алар атайын технология, жабдуулардын жардамы менен этти, өсүмдүктү сактоого жетишкен. Ошол продукциялардан кыргызстандыктар сатып алып жеп жатышат. Албетте, алардын сапаты кичине начарлап, өңү-түсү өзгөрүп, витаминдери азайып калат, бирок даамы ошондой эле калат.  Мындай ыкманы Кытай, Индия, Америка, Япония, Европа өлкөлөрү эчак эле жолго салып койгон. Анткени ошол азыктар менен бир топ адамды аман сактап калууга болот. Мен Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу маселесин көптөн бери көтөрүп келе жатам. Анткени ар кандай кырдаал болуп кетет. Эки жылдан бери мамлекет ушул багытты өздөштүрүү үчүн жыл сайын 500-600 миң сом бөлүп берет. Мен германиялык, кореялык кесиптештер менен кызматташканга аракет кылдым, бирок алар шак эле "чоң акчага сатып алгыла" дешет экен. Ошондуктан азыр украиналыктар менен мамиле түзүп иштешип жатабыз.

© Фото / из личного архива Сатыбалды ЧериковаОкумуштуу Чериков: Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү өзүнүн тамак-ашын 50 жылга чейин сактоонун ыкмаларын ойлоп тапкан. Алар атайын технология, жабдуулардын жардамы менен этти, өсүмдүктү сактоого жетишкен. Ошол продукциялардан кыргызстандыктар сатып алып жеп жатышат.
Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуу Чериков: Дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү өзүнүн тамак-ашын 50 жылга чейин сактоонун ыкмаларын ойлоп тапкан. Алар атайын технология, жабдуулардын жардамы менен этти, өсүмдүктү сактоого жетишкен. Ошол продукциялардан кыргызстандыктар сатып алып жеп жатышат.

— Жетишкендиктер барбы, кандай жыйынтыктарга жеттиңер?

— Негизинен эт, сүт, өсүмдүктү аябай майдалап 4-5 пайыз гана нымдуулукту калтырып, азык-түлүктү узак мезгилге сактоого жетиштик. Анын негизинде атайын программа түзүп, жыл сайын узак сакталчу миң тонна азык чыгаруучу ишкананын долбоорун да өкмөткө сунуштадык. Өзүбүз ал азыктарды аз көлөмдө чыгарып жатабыз. Бул технологияны мамлекеттик органдар деле тынч учурда колдонуп дыйкандарга киреше алып келсе болот. Мисалы, картошка арзандап кеткенде аны кургатылган аралашма кылып койсо болот. Кийин бала бакча, үйдө кожойкелер пюре кылып колдоно берет. Себеби учурда сырттан ошол эле азыктар алып келинип жатат, аны кыргызстандыктар колдонууда.

— Менимче, кыргызстандык илимпоздор деле жөн отурбайт да, ойлоп табуулары, техникалык жаңычылдыктары, жабдуулары бар. Ошол эмгектер бизде бааланабы?

— Ал жагынан уучубуз кур эмес, бизде бир топ эле күчтүү окумуштуулар бар. Алардын көпчүлүгүнүн эмгеги акчанын жоктугунан ишке ашырылбай турат. 

© Фото / из личного архива Сатыбалды ЧериковаСатыбалды Чериков: бизде бир топ эле күчтүү окумуштуулар бар. Алардын көпчүлүгүнүн эмгеги акчанын жоктугунан ишке ашырылбай турат.
Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт - Sputnik Кыргызстан
Сатыбалды Чериков: бизде бир топ эле күчтүү окумуштуулар бар. Алардын көпчүлүгүнүн эмгеги акчанын жоктугунан ишке ашырылбай турат.

— Илимий эмгекти, ойлоп табууну өндүрүшкө киргизүүдө мүмкүнчүлүктөр кенен элеби?

Предприниматель, гид Максат Айткулов - Sputnik Кыргызстан
Тоодо жаткан кардан эле миллиондорду табууга болот. Гид Айткулов менен маек
— Ар бир эле окумуштуу өзүнүн идеясын турмушка ашырганга аракет кылат, өзгөчө прикладдык мүнөздөгү эмгектерин. Албетте, бийликти күнөөлөй беребиз. Бирок чынында өкмөт илимпоздорго жардам бере албай жатат. Мисалы, жылына илимге 150 миллион сом берүүдө. Ал акча биздеги студент, аспирант, докторлордун бардыгына жетпейт. Кээде бул каражат бир жакшы долбоорго эптеп жарайт. Иш жүзүндө "150 миллион сомду айлык кылып бөлүп алып кыйкырынбай отургулачы" дей беришет. Улуттук илимдер академиясына 600 миллион сом бөлүнүп берилет. Ал жакта негизинен кары-картаңдар кызматка отуруп алышкан, демилгелүү, дымактуу жаштарды келтиришпейт. Өзүмдүн эмгектеримди айтсам, союз учурунда ойлоп табуум үчүн автордук күбөлүктөрдү алгам. Ал кездеги  азыркы Кара-Балтадагы кант заводунун өндүрүшүнө технологиям кирген. Кийин эгемендүүлүк алган жылдары "Шоро", "Абдыш-Ата" ишканаларында кээ бир ойлоп табууларым колдонулду. Жалпы 21 патенттин авторумун. Азыр 40 пайызы ар кыл тармактарда колдонулуп жатат. Мен негизи алгач өндүрүшкө киргизип, анан Кыргызпатенттен документ алам.

— Ошондо Кыргызстанда окумуштуулардын дарамети толугу менен колдонулбай жаткан экен да?

— Мурун деле колдонулган эмес, эгер илимге азыркыдай мамиле болсо, кийин дагы пайдаланылбайт. Ага элдин башындагылар кызыгуусу керек. Бир топ мыкты окумуштууларыбыз чет өлкөгө чыгып кетип, Германия, Америка, Япония, Корея, Казакстанда жүрүшөт. Ал адистер бизде эмес, чет өлкөдө бааланууда. Айрымдары азыр ошол мамлекеттер менен илимий алака түзүүгө ортомчу болуп өлкөгө пайда келтирип жатышат. Мени деле Германия, Кореяга көп жолу чакырды, бирок үй-бүлөмдү таштап кетким келген жок. Чет элдиктер биздин журналга чыккан макалаларыбызга, иштеп чыккан ойлоп табууларыбызга көз салып жүрүп эле чакыра башташат.

© Фото / из личного архива Сатыбалды ЧериковаИлимпоз: азыркы Кара-Балтадагы кант заводунун өндүрүшүнө технологиям кирген. Кийин эгемендүүлүк алган жылдары "Шоро", "Абдыш-Ата" ишканаларында кээ бир ойлоп табууларым колдонулду. Жалпы 21 патенттин авторумун. Азыр 40 пайызы ар кыл тармактарда колдонулуп жатат.
Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт - Sputnik Кыргызстан
Илимпоз: азыркы Кара-Балтадагы кант заводунун өндүрүшүнө технологиям кирген. Кийин эгемендүүлүк алган жылдары "Шоро", "Абдыш-Ата" ишканаларында кээ бир ойлоп табууларым колдонулду. Жалпы 21 патенттин авторумун. Азыр 40 пайызы ар кыл тармактарда колдонулуп жатат.

— Биздеги алдыңкы ишканалар "бул техниканы батыштан, тигини чыгыштан алып келдик" деп мактанып калат эмеспи. Сиздин кесиптештер жергиликтүү буюртмаларды, атайын технологияларды жасап берүүгө даярбы?

— Мен бир эле мисалды айтайын. Таласта фасоль жыйнаган, тазалаган машиналар бар. Ошону биздин илимдин доктору Мыймабай Алмаматов өзү акча чыгарып жасап дыйкандарга берген. Дагы жасамак, каржынын жоктугунан уланта албай калган. Муну Айыл чарба министрлиги, аким, өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү дагы көргөн. Эми ошол эле унааларды министрлик Түркиядан ири суммадагы акчага сатып алып келип жатат. Бузулуп жакшы иштебей жүрөт. Аны кайра эле биздин адистер оңдоодо. Иш жүзүндө ал унааларды биздеги эски заводдордо эле жасоого болот, адистерибиздин күчү жетет.

Дагы бир жолу Токмок шаарына таштандыны кайра иштетүүчү орнотмону пилоттук негизде 1,5 миллион сомго жасадык. Даяр болгондон кийин шаардык мэрия ар кайсы шылтоону айтып бекер дагы албай койду. Кийин ишкер Аскар Салымбековдун балдары сатып алып, аны азыр Бишкекте иштетип жатат. Мындай мисалдар бизде аябай эле көп.

— Кыргызстанда жөнөкөй эле малдын сөөгү, жүнү, териси иштетилбей келет. Ал эми таштандыларды кайра иштетүү өзүнчө бир кирешелүү тармак. Биз ошол жөнөкөй эле нерселерден бир нерсе өндүрүп, качан киреше көрө баштайбыз?

Водитель КамАЗа, предпринимательница Жайна Нурмамбетова - Sputnik Кыргызстан
КамАЗ айдап, мотор басып, Кара-Кечеден көмүр ташыган Жайна. Ишкер менен маек
— Туура айтасыз. Кыргызстанда мал көп, бирок сөөк иштеткен бир да ишканабыз жок. Мисалы, сөөктөн ун жасаса болот. Учурда биз аны Украина менен Россиядан сатып алып малга берип жатабыз. Анын курамында кальций көп. Малдын сөөгүн бекем кылып, бат өсүүсүнө жардам берет. Буюрса жаштар аны колго алып, чакан ишканаларды ача башташты. Таштанды боюнча айтайын, Иса Өмүркулов мэр болуп иштеп турган кезде борбор калаада чыккан чөп-чарды, жалбырактарды иштетели деп сунуш менен кайрылдык. Ага чейин муниципалдык ишкана жылбырактарды унаа менен 35 чакырым алыс жердеги таштанды талаасына төкчү. Башында калаа жетекчиси бизге ишенбей туруп алды. Ошондо Германиядагы досума кайрылып, бир немец таап берчи деп кайрылдым. Ага "идея биздики болот, сен мэрге меники деп айтып кой" дедик. Анан ал Өмүркуловго кирип, мэр биздин демилгебизди жактырып келишим түзгөн. Ошентип төрт жыл Бишкектеги чөп-чарды, жалбырактарды кайра иштетип, органикалык жер семирткич чыгарып жүрдүк. Даяр продукцияны экиге бөлүп алчубуз. Мэрия аны өз керектөөсүнө колдонсо, биз аны сатып жакшы киреше көргөнбүз. Муну айтып жатканымдын себеби, биздеги аткаминерлер атамекендик илимпоздорго анча ишене беришпейт.

© Фото / из личного архива Сатыбалды ЧериковаСатыбалды Чериков: Бир жолу Токмокто таштандыны кайра иштетүүчү орнотмону пилоттук негизде 1,5 миллион сомго жасадык. Даяр болгондон кийин шаардык мэрия ар кайсы шылтоону айтып бекер дагы албай койду. Кийин ишкер Аскар Салымбековдун балдары сатып алып, аны азыр Бишкекте иштетип жатат. Мындай мисалдар бизде аябай эле көп.
Окумуштуу Чериков: бийлик КР илимпоздору ойлоп тапкан нерседен чет элдикин өйдө көрөт - Sputnik Кыргызстан
Сатыбалды Чериков: Бир жолу Токмокто таштандыны кайра иштетүүчү орнотмону пилоттук негизде 1,5 миллион сомго жасадык. Даяр болгондон кийин шаардык мэрия ар кайсы шылтоону айтып бекер дагы албай койду. Кийин ишкер Аскар Салымбековдун балдары сатып алып, аны азыр Бишкекте иштетип жатат. Мындай мисалдар бизде аябай эле көп.

— Илим жаатында жүргөн адамдар четөлкөлүк кесиптештери менен ар тараптан кызматташып, алар менен жакшы мамиледе болууга аракет кылышы керекпи?

— Биздин деңгээлибиз бир топ төмөндөп кеткен, айрым мамлекеттерден 50-60 жыл артта калганбыз. Көп учурда алардын гранттык негизде келген сунуштарын колдоно беришибиз керек. Өзүбүздүн колдон келбеген нерселерди ошолордон алып пайдаланууга туура келет. Себеби изилдөө ири каражаттарды талап кылат.

— Илим жааты менен кетип, окумуштуу болом деген жаштарга кандай кеңеш бересиз?

— Мен илимдин бүт баскычынан өттүм. Адам эмгекти сүйсө, аракет кылып алдыга талпынса, кайсы жерде болсо да ийгилик жаратат. Илим өтө кызыктуу нерсе, аны менен ооруп калсаң чыга албай калсың. Аябай деле көп акча таппайсың, бирок үй-бүлөнү, бала-чаканы бакканга жетет. Илимдин өтөсүнө чыксаң эле каражат табуунун жолдору өзү эле жарала берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0