Эл аралык Шереметьево аэропортунда багажды текшерүү жайы

Россиядан КР жарандарын учак, автобус менен алып келишеби? Элчиликтин жообу

728
(жаңыланган 18:26 22.04.2020)
Элчилик Россия менен Казакстан бардык каттамдарды убактылуу жапканын эске салып, элди жалган маалыматтарды таркатпоого жана аларга ишенбөөгө чакырды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Россияда калып калган Кыргызстандын жарандарын элчилик учак жана автобустар менен мекенге кайтарып келүү үчүн тизме түзүп жатат деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул туурасында КРдин РФтеги өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, айрым шылуундар жарандардан белгилүү бир сумманы талап кылуу менен мекенге кетчү кыргызстандыктардын тизмесине кошууну, жасалма паспорттор жана каттоолорду бүтүрүп берүүнү убадалап жатышат.

Буга байланыштуу элчилик элди жалган маалыматтарды таркатпоого, аларга ишенбөөгө жана эмгек миграциясын колдойм деп калп айткан кайрымдуулук фонддордон алыс болууга чакырат. Ошондой эле айрым саясатчылардын жарандарды Россиянын аймагынан алып келүү боюнча популисттик убадалары менен билдирүүлөрүнө көңүл бурбоону өтүндү.

Ошол эле учурда элчилик Россия менен Казакстан аба каттамдарын, темир жолдорду жана унаа жолдорун жаап салгандыгын эске салды. Чартердик жана туруктуу каттамдардын калыбына келтирилиши, кыргыз-казак чек арасынын ачылышы боюнча кабарлар болсо билдирип турарын белгилешти.

Жакынкы аралыкта Новосибирск шаарына чартердик рейсти уюштуруу пландаштырылууда. Бул мурда рейстери жокко чыгарылып, азыр билет берилгендер. Россиянын бийлиги учурда учактарды Бишкекке жөнөтүү маселесин карап жатат.

Күн сайын элчиликке орто эсеп менен 400-500дөй киши жардам сурап кайрылат. Элчиликтин алдындагы штаб кыргыз диаспораларынын активисттери жана ыктыярчылар менен биргеликте тамак-аш, убактылуу турак жай, медициналык жардам, жумуш менен камсыз кылуу, консулдук жана башка маселелер боюнча кайрылууларды карап жатат.

Ошондой эле көйгөйлөр боюнча Call-борборго калтырса болорун эскертишти:

  • +7 (499) 237 43 01;
  • +7 (499) 237 44 61;
  • +7 (925) 387 41 27 — WhatsApp;
  • +7 (925) 387 45 97 — WhatsApp;
  • +7 925 103 29 11 — WhatsApp.

Элчилик жарандарды санитардык-медициналык эрежелерди сактоого, ден соолукту кароого чакырды.

728
Белгилер:
жалган маалымат, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Коронавирус — жасалма инфекция. Ухань лабораториясы айыптоого жооп берди
Кыргызстанга Польшадан 8 медицина кызматкери келди. Сүрөт
Тоолуу Маевка айылына жакын унаа жолу

Шейшембиге карата аба ырайы

27
(жаңыланган 21:11 06.07.2020)
Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу өрөөндөргө кар түшөт.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. 7-июль, шейшемби күнү, өлкө аймагы боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге дейре жетет.

Абанын температурасы Чүйдө+28…+33, Таласта +26…+31, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +22…+27 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек шаарында күндүн табы +30…+32, Ош калаасында +33…+35 градуска дейре көтөрүлсө, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +23…+25 градуска чейин жетет.

27
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Алдыда аптаптуу ысык болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы
Почтада посылкалар. Архив

Бишкекте почта түйүндөрү бир жума иштебейт

71
(жаңыланган 20:03 06.07.2020)
Бишкек шаарындагы почталар 13-июлдан тарта иштеп баштайт. Ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын Бишкектеги бөлүмдөрү калаада вирустук инфекцияны жайылтып жиберүүнүн алдын алуу максатында 7-13-июль күндөрү профилактика иштерине жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Абалдын кескин курчуп кетишинен улам аталган ишкананын филиалы болгон "Бишкек почтамт" бир апта бою өз бөлүмдөрүндө санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды өткөрөт", —  деп айтылат таратылган кабарда.

Каттоо кызматынын Архив агенттиги карантинге жабылды

Ал эми 13-июлдан тарта Бишкек шаарындагы почталар иштеп, ушул эле күнү социалдык төлөмдөрдү жеткирүү да башталат.

"Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы почта түйүндөрүндө төмөнкү эрежелерди сактоону өтүнөт:

  • Почта бөлүмүнүн имаратынын ичине аз сандагы кишилер кириши керек жана 1,5 метр бири-биринен обочо турушу шарт. Калгандары коопсуздук үчүн көчөдө күтүп турат;
  • Бөлүмдө жана анын жанында жарандар 1,5 метрлик аралыкты сактап турушу керек;
  • Почтага кирер алдында бет кап кийгенди унутпагыла. Эгерде ансыз келсеңиз, ичине кире албайсыз;
  • "Кыргыз почтасы" ишканасы азыркы абалдан улам бардык түйүндөрүндө келгендерге ыңгайлуу жана коопсуз шарт түзүп бергенге аракет кылат.
71
Белгилер:
почта, коронавирус, эпидемия, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыйын кырдаалдан кантип чыгабыз? Жээнбеков берген тапшырмалардын тизмеси
Баткен облусунда Исфана — Сулюкта жолунда тоолор. Архив

Сүлүктүдө жер көчүп, автоунаа жолун тосуп калды. Видео

35
(жаңыланган 23:33 06.07.2020)
Жолду тазалоо үчүн бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Тазалоо иши эртең дагы улантылат.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жер көчүп, автоунаа каттаган чоң жолду тосуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саат 17:40 чамасында Кызыл-Бел тилкесинде болжол менен 1000 метр куб жер сүрүлүп, жолду бөгөп салган. Жабыркаган адамдар жок.

Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жолду тазалоо үчүн Кытайдын жол куруучу компаниясынан бир жүктөгүч, эки самосвал тартылып, бир тараптуу ачылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 20:20да тазалоо иш-чаралары убактылуу токтотулган. Иштин эртең дагы улантылары айтылат.

35
Белгилер:
тазалоо, жол тосуу, автоунаа, Жер көчкү
Тема боюнча
Адам өмүрүн эмес, сөөгүн сактап калган учурлар болот. Куткаруучунун маеги
Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда