Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүПарктагы гүлдөп турган дарак. Архив
Парктагы гүлдөп турган дарак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, дүйшөмбү күнү республика боюнча жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 20-апрелде, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +21...+26, Талас аймагында +20...+25, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +22...+27, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +15...+20 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +24...+26, Ошто +25...+27 градуска чейин жетет.

Баса, май айында аба ырайы кандай болору да айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0