Медиктердин көйгөйүн кабыл алып, штабга жеткирген ресурс иштеп баштады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАял коопсуз бет капчан компьютер аркылуу иштеп жатат. Архив
Аял коопсуз бет капчан компьютер аркылуу иштеп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медиктер Республикалык штабда жеке каралуучу билдирмелерди med.tunduk.kg ресурсу аркылуу толтурушат. Аны кароонун мөөнөтү жана маселелерди чечүүнүн убактысы так каралган эмес.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Медицина кызматкерлеринин иш-аракетин колдоо үчүн ресурс киргизилгенин Республикалык штаб билдирди.

Ага ылайык, медиктер аталган штабда жеке каралуучу билдирмелерди med.tunduk.kg ресурсу аркылуу керектүү формада толтурушат.

Укук коргоо кызматкерлери Ошто блокпостто турган учурда - Sputnik Кыргызстан
Ош жана Жалал-Абад шаарынын тургундары эми уруксат кагазын онлайн алат
"Ресурс менен медицина кызматкерлери саламаттык сактоо уюмдарын камсыз кылуучу керектүү каражаттарга, жеке коргонуу каражаттарына, медициналык жабдууларга жана дары-дармектерге байланышкан билдирүүнү жөнөтө алат. Ошондой эле Республикалык штабга жумушундагы көйгөйлөрү жана кыйынчылыктар (өткөрмө кагаздары, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акысын төлөө жана башка) боюнча айта алышат", — деп айтылат маалыматта.

Келип түшкөн билдирмелерди кароонун мөөнөтү жана аларда көрсөтүлгөн маселелерди чечүүнүн тартиби штаб тарабынан эми аныкталары айтылды.

Белгилей кетсек, өлкөдө 19-апрелге карата 134 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0