Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди
Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин эки өлкөнүн мамлекет башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, Жээнбеков кесиптешине Кыргызстанга тажрыйбалуу медиктерди жөнөтүү сунушун берген.

БИШКЕК, 20-апр. – Sputnik. Бүгүн, 20-апрелде, Кыргызстанга Кытайдан атайын дарыгерлер тобу келди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт
Кытай дарыгерлери коронавирус менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга келди. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт

Маалыматка караганда, Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Киши шаарда велосипед тээп бара жарат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алып коебуз! Бишкек коменданты велосипед тээп жүргөндөргө эскертүү берди
“Медиктер тобу жергиликтүү адистерге оорулууларды дарылоодогу мыкты ыкмаларын үйрөтүшөт”, - дешти өкмөттөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө макулдашылган.

Польша менен Кытайдан келген дарыгерлер кандай шартта иштей турганын материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0