Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов. Архив

Ош коменданты баласын урган ата-энелерге кеңеш айтты

249
(жаңыланган 13:38 20.04.2020)
Комендант ата-энелерди өзүнүн кийинки урпагы болгон балдарга сабак окутууда өтө аяр мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ансыз да үйдөн чыкпай кысылып жаткан баланы ур-токмок менен сабак окутуу туура эмес. Бул туурасында Ош шаарынын жана Ноокат, Кара-Суу райондорунун коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Комендант балдарына бир тапшырманы аткартуу үчүн артынан түшүп урушуп, кээде ата-энелик укугунан аша чаап кеткен учурлар интернет булактарына чыгып жатканын эскертти.

“Бул зээнди кейитет, ата-эне мындай болбошу керек. Ал сиздин урпагыңыз, балким ошол сиз урушуп жаткан баладан эртең Ибн Сина, Гиппократ же дүйнөнү дүңгүрөткөн, Кыргызстандын желеген желбиреткен бир инсан чыгышы мүмкүн. Окуй албай жатса башынан сылап коюңуздар. Ал бала деле үйдө отура берип сыгылышы мүмкүн. Ур-токмок менен баланы тарбиялабайт. Бала — өзүбүздүн келечек. Башка бирөө баласын бербейт бизге. Кийинки мурасыбызга сабак окутууда өтө аяр мамиле кылсак демекчимин”, — деди комендант.

Белгилей кетсек, өткөн жумада социалдык тармактарда өз баласын спорттук көнүгүү жасабай койгону үчүн аёосуз сабап жаткан атанын видеосу чыгып талкууга алынган. Учурда ал киши менен укук коргоо органдары иш алып барууда.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

249
Белгилер:
бала, ата-эне, Малик Нурдинов, комендант, Ош
Тема боюнча
Жакшы тарбия бергим келген. Баласын сабаган ата окуянын чоо-жайын айтты. Видео
Алып коебуз! Бишкек коменданты велосипед тээп жүргөндөргө эскертүү берди
Ачакей-жумакей ойнобогула! Ош коменданты кандай адамдар эреже бузарын айтты
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга даярданып жатат

Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвада өтчү парадга даярданууда. Сүрөт

15
(жаңыланган 12:53 04.06.2020)
Москвада 9-майда өтө турган парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтмөй болгон. КР жоокерлери ал жакка баруу алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык эсеби 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга даярданып жатат. Бул тууралуу Генералдык штаб билдирди.

  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировки
    Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировки
    Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировки
    Москадагы парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтмөй болгон
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировки
    Аскер кызматчылары Москва шаарына баруунун алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировки
    Гвардиячылар Россиянын борборуна баргандан кийин парадга катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
  • Парадный расчет Национальной гвардии Вооруженных Сил Кыргызской Республики во время тренировки
    Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл Аянттагы юбилейлик парадга ушуну менен экинчи жолу катыша турганы айтылды
    © Фото / Пресс-служба Генштаба КР
1 / 6
© Фото / Пресс-служба Генштаба КР
Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген


"Гвардиячылар карантин учурунда дагы машыгууларды токтоткон жок. Жоопкерчиликти талап калган маанилүү иш-чарага күжүрмөн жана саптык даярдыгы мыктылар тандалып алынган. Санитардык талаптарды сактоо менен параддык жүрүштүн элементтерин иштеп чыгышты", — деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, парадга катышып берүү боюнча Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун экинчи чакыруусу келген. Биринчи чакыруу 9-майга чукул жиберилген. Москадагы парад коронавируска байланыштуу жылдырылып, 24-июнда өтмөй болгон.

Аскер кызматчылары Москва шаарына баруунун алдында коронавируска ПЦР-анализ тапшырышат. Гвардиячылар Россиянын борборуна баргандан кийин парадга катышууга чакырылган башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен бирге жалпы параддын курамында машыгуусун улантат.

Улуттук гвардиянын аскерлери Кызыл Аянттагы юбилейлик парадга ушуну менен экинчи жолу катыша турганы айтылды.

15
Тема:
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы
Тема боюнча
Биздин армия — мамлекеттин ишенимдүү тиреги. Жээнбековдун куттуктоосу
ЖК депутаты Айсулуу Мамашова

Мамашова: сот ажатканада 13 жаштагы кызды зордуктаган баланы актап жиберди

86
(жаңыланган 12:27 04.06.2020)
Депутаттын айтымында, сот шектүүнү актап, кайра жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун биринин ажатканасында 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 22 жаштагы жигитти сот актап жиберди. Бул туурасында депутат Айсулуу Мамашова парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул ишти Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу карап, "кыз зордукталган эмес" деген чечим чыгарып, шектүүнү жазадан бошоткон. Аны менен катар эле жабырлануучу кыздын апасына шектүүгө моралдык чыгым төлөп беришин милдеттендирген. Мындан улам алар райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко кайрылып, андан да утулуп калган. Учурда Жогорку сотко даттанып жатышат.

"Жакында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, куттуктадык. Бирок мага Bishkek Park соода борборунун ажатканасында зордукталган 13 жаштагы кыздын энеси менен адвокаты кайрылды. Далилдери бар экенине, экспертизанын корутундусу чыкканына карабай, көпчүлүккө белгилүү судья Айбек Эрнис уулу (экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин ишин караган) шектүү баланы актап жиберди. Ал жаш балдар лагеринде иштеп жүрчү экен. Тилекке каршы, анын башка кыздарды да зордуктаганы боюнча күбөлөр айткан. Бирок бүгүнкүгө чейин ал эркиндикте жүрөт. Себеби анын органдарда иштеген туугандары бар экен. Мындай адамдар түрмөдө отурушу керек болчу", — деди Мамашова.

Ошондой эле депутат кыздын апасына төлөөгө милдеттендирилген моралдык чыгымдын суммасын шектүү тарап өзү аныктамай болгонун билдирди.

"Судья Эрнис Айбек уулуна аябай нааразымын, уят деген болуш керек да, жаш кыздын тагдырын ойлобойбу. Жогорку сотко барганда калыс карап беришин суранам. Прокурорлор дагы жаш кыздын кызыкчылыгын коргой албай жатат", — деп кайрылды депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, окуя 2016-жылы болгон, сот иштери ошондон бери уланып жатат.

86
Белгилер:
баш тартуу, сот, зордуктоо, депутат, Айсулуу Мамашова
Тема боюнча
Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктады делген адамга сот чечим чыгарды