Кошо ырдагыла. Дистанттык окуу учурунда кенже класстагылардын ата-энесине 5 кеңеш

© AFP / ALAIN JOCARDДистанционное обучение во Франции
Дистанционное обучение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кыргызстандык мектеп окуучулары дистанттык билим алууга өтүп, окутуунун бул ыкмасы балдар, ата-энелер жана мугалимдер үчүн күтүүсүз болду.

Мындай кырдаалда окуучуга кандай шарттар түзүлүшү керек, чүрпөсүнүн билим алышына үйдөн кантип көмөк көрсөтүү зарыл. Албетте, мындай нерсени башынан биринчи ирет өткөрүп жаткандыктан, ата-энелерге да кыйын болгону жашыруун эмес. Социалдык тармактарга бала окутуу бир топ эле кыйын экендигин айтып, мугалимдердин эмгегин эми билип жаткандыгын тамаша-чыны аралаш жазгандар да арбын.

Sputnik Кыргызстан педагог жана психолог менен сүйлөшүп, үйдөн окутуу боюнча кенже класстын окуучуларынын ата-энелерине 5 кеңеш даярдады.

Бизге Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясынын мугалими Гүлзат Исакова жана психологу Элиза Абдужапарова жардамга келди.

Дистанционное обучение школьников в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан
Дистанттык окууда көйгөй жаралса чалыңыз. Министрлик номерлерди жарыялады
Шартка жараша орун даярдап бериңиз. Шарт туура келсе, сабак окуганга бир бөлмөнү даярдап, баланын дене боюна ылайыктуу стол коюп бериш керек. Ар бир эле бүлөдө атайын бөлмөдө окутууга мүмкүнчүлүк болбошу мүмкүн. Андыктан жок дегенде өзүнчө орун даярдаганга аракеттениңиз. Ал жерге терезеден күн тийип турганы жакшы. Андан сырткары окуучунун бир күндү кантип өткөрө турганын алдын ала пландап коюңуз. Эртеңки сабакка керектүү окуу куралдарын кечинде биргеликте эртелеп камдап койгон оң болот.

Сабакты чогуу окуңуз. Азыр сабак башкача формада өтүп жаткандыктан бала менен чогуу окуганга аракет кылыңыз. Мурда окуучу эжекеси менен бетме-бет көрүшүп турчу. Азыр аралыкта болгондуктан бала кээ бир нерселерди өзүнө сиңире албай калышы мүмкүн. Түшүнбөй калган жерин сураса, сабыр кылып, кайра кайталап айтып бериңиз. Тапшырмасын аткарууга көмөктөшүү керек. Бул тапшырманы ата же энеси, же ага-эжеси жаза салсын дегендик эмес. Багыт берип, өз алдынча аткарууга түртмөлөө дегендик. Ал эми дене тарбия сабагында көнүгүүнү кошо жасаңыз, балага көңүлдүү да болот. Музыка сабагында кошо үн созуп, уулуңуз же кызыңыздын ырдап жатканын оюн катары кабыл алып, видеого тартып коюңуз. Мурда көп кишинин алдында сүйлөгөндөн сүрдөсө, эми сиз аны камерага тартып жатасыз. Бул баланын тартынчаак мүнөзүн жойгонго жардам берет.

Эч качан шаштырбаңыз. Башка классташтарына салыштырып, "бол бачым, тиги ватсапка сүрөттү тартып жиберди, а сен калып калдың" деген сөздөрдү кайра-кайра айтпаңыз. Мындай учурда бала өзүн жоготуп коёт да, анан өзүнө ишенбөөчүлүк жаралат. Шашканда кичинекейлер эле эмес, чоң киши деле оюн жоготуп коёт эмеспи. Негизи шашып кайда барасыз?

Жогорку класса окуган кыз үй-тапшырманы аткарып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эртең дистанттык окуу башталат. Сабактар канча мүнөткө созулат? 10 суроого жооп
Эс алдырып, ролдоштурууну колдонуңуз. Ар ким өз баласынын мүнөзүн билет. Көптөр жазууну жаман көрөт. Андыктан бөлүп-бөлүп, ортодо эс алдырып жаздырган шарт. "Биртике ойноп алып кийинкини жаса" деген сөз окуучунун жүгүн кадимкидей жеңилдетет. Андан сырткары тексттерди окугусу келбесе, аны ролдоштуруп алгыла. Мунун чүрпөңүзгө таасирдүү, оңоюраак жана кызыктуу болорунан шек санабай эле коюңуз. Жаттоо берилсе, аны да бөлүп аткартыш керек.

Кагып-силкип, урушпаңыз! Эч качан урушпаңыз. Сабакты бүгүн түшүнбөй калса, эртең түшүнөт. Чүнчүтүп, зекип, жүрөгүн өлтүрүү ансыз да үйдө камалып отурган баланын маанайын чөгөрөт. Кагып-силкпеңиз, үйдөгү жагымсыз окуяны, башка менен чатакташып кетсеңиз, ачууну баладан чыгарчу болбоңуз! Дагы бир нерсени эске бекем түйүп алыңыз. Биз, чоңдор, телефон менен болсо дагы тааныштар менен байланышып турабыз, ал эми кичинекейлердин классташтары, достору менен байланышы жок. Болгону бир туугандары менен чогуу. Андыктан бала менен көбүрөөк сүйлөшүп туруңуздар, чүрпөңүздү жакындан билгенге аракет кылыңыз. Эринбеңиз, эртеңкиге калтырбаңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0