Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы жайлоо. Архив
Кыргызстандагы жайлоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, ал эми Ысык-Көл акваториясында 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. 21-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Ошондой эле Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергелеринин тоолуу өрөөндөрүндө өткүн өтүп, чагылган түшүшү ыктымал. Бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күн жылыйт! Бир жумага карата аба ырайы
Бийик тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге, ал эми Ысык-Көл акваториясында 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Талас жергелеринде +21…+26, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарында +16…+21 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы ордо калаада +24…+26 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто +25…+27 градуска дейре жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0