Жээнбеков: ӨА киргизилген аймактарга талапты жумшартуу маселеси каралып жатат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
25-мартта киргизилген Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узарды. Бул тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт өзгөчө абал киргизилген аймактарга талаптарды жумшартуу, анын ичинде айрым ишкер субъектилердин ишине уруксат берүү сунуштарын даярдап жатканын айтты. Бул тууралуу бүгүн өлкө башчы Бишкек мэриясынын муктаж болгон жарандарды колдоо иши менен таанышуу үчүн "Бишкекнаабайкана" ишканасына барганда сөз болду.

"Карантин учурунда ким кандай колдоого муктаж экенин так, даана билебиз. Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, тиричилигин өткөргөндөр кыйынчылыктарды көрүп жатат. Калкты тейлөө тармагында иштегендерге да оңой болгон жок", — деди Жээнбеков.

Ал ишкер субъектилердин ишине уруксат берүү маселеси каралып жатканын белгиледи.

"Ар бир кризистен кийин өнүгүү болот. Ал үчүн жаңы жаралган мүмкүнчүлүктөрдү рационалдуу пайдалана билишибиз абзел, бул маселе боюнча ойлонууга мезгил келди. Өкмөт бул багытта ишин баштады, азыркы чакырыктарга жооп бергидей, иш жүзүндө аткарыла турган документти иштеп чыгат деп ишенем", — деди президент.

Ошондой эле ал бардык муктаж болгондорго жардам тегиз берилиши керектигин, бул иш анын жеке көзөмөлүндө экенин билдирди.

Дистанционное обучение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Кошо ырдагыла. Дистанттык окуу учурунда кенже класстагылардын ата-энесине 5 кеңеш
Ал эми Бишкек мэри Азиз Суракматов жардамга муктаж 85 миң үй-бүлөнүн тизмеси түзүлгөнүн айтып, кандай жардам берилип жактанын түшүндүрдү.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө борбор калаадагы 42 миңден ашык үй-бүлө, Бишкек шаарына жакын жашаган Чүй облусундагы 2,5 миң үй-бүлө азык-түлүк менен камсыз болду.

Бул үчүн өкмөт тарабынан 300 тонна ун бөлүнгөн. Жакынкы мезгилде дагы 300 тонна ун, 90 тонна кумшекер, 30 миң тонна азык-түлүк топтомун бөлүү пландалууда.

Мындан тышкары бизнес коомчулугу менен эл аралык кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү дагы чоң колдоо көрсөтүп жатканы айтылды.

Өзгөчө абал режиминин узартылышы

Белгилей кетсек, 25-мартта киргизилген Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими апрелдин аягына чейин узарды. Бул тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулду. Эми коменданттык сааттын эрежеси боюнча кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Мындан улам күнүмдүк жумуш менен акча тапкан жарандар жана чакан, орто бизнестин өкүлдөрү финансылык жактан бир топ кыйынчылыкка учурады. Алардын арыз-муңун Sputnik Кыргызстан даярдаган макаладан көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0