Интернеттин тилин билбей... Жашы өткөн мугалимдер онлайн-сабак өтүүдө кантти

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКурсы компьютерной грамотности для пенсионеров в Калининграде
Курсы компьютерной грамотности для пенсионеров в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-апрелден бери Кыргызстанда мектеп окуучулары дистанттык түрдө окуп жатат. Ал арада жашы өткөн мугалимдердин онлайн сабак өтүүдө кыйынчылыкка тушугуп жатканы маалым болду.

Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясы жана өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аймактардагы жашы өткөн мугалимдер менен сүйлөшүп, ал-абалын билди. Агартуучулардын коопсуздугу үчүн алардын жаш курагы жана иштеген мектеби так көрсөтүлгөн жок. Бир гана мугалим өзүн жашырбастан пикирин айтты.

Баарлашкандар ар кайсы региондон, жаш курактары 55тен 63 жашка чейин.

Дистанттык окуу тууралуу кыскача

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлиги окуу материалдарын электрондук форматка көчүрүп, аларды окуучуларга теле жана интернеттин жардамы менен берип жатат.

Телевизор. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖРТга даярдаган сабактар теледен көрсөтүлө баштады. Убактысы
IV чейректин сабактарын 1-4-класстын окуучулары КТРКнын "Баластан", 5-11-класстын окуучулары ЭлТРдин "Илим-Билим" каналынан көрүп жатышат. Ошондой эле бул сабактар "5-канал", "Санат", "Пирамида" каналдары аркылуу эфирге берилүүдө. Ушул эле сабактар сайттар менен тиркемелерге жүктөлөт.

Мугалимдер видеосабактарга чейин жана кийин мектепте түзүлгөн расписаниеге ылайык өзүнүн классындагы окуучулар менен Zoom, Google classroom, Telegram, WhatsApp тиркемелери аркылуу байланышка чыгып, жаңы теманын мазмунун бышыктап, суроолоруна жооп берип, тапшырмаларды берет.

Эгер дистанттык окутууда кандайдыр бир көйгөй жаралса, кеңеш суроо үчүн ыкчам байланыш номерлери бар. Алар: 0550-512-075, 0550-801-026, 0550-368-784, 0550-513-385, 0557-442-355 жана 8569 кыска номери.

Баткендик агартуучу Гапыр Мадаминов, 62 жашта

Мадаминов Лейлек районундагы №3 мектеп-гимназиясынын негиздөөчүсү, КРдин эмгек сиңирген мугалими, тарых мугалими. 

Дистанционное обучение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Кошо ырдагыла. Дистанттык окуу учурунда кенже класстагылардын ата-энесине 5 кеңеш
— Биз 2019-жылдын июнь айында атайын адистерди чакыртып, мугалимдерге сабакта технологияны колдонууну окуткан элек. Ошол демилгебиз бизге бүгүнкү кырдаалда бир топ жардамын берди. Бирок жашы улуу мугалимдерде сабакка даярдануу учурунда, техниканы колдонууда кыйынчылык жаралбай койбойт. Мен учурда 62 жаштамын. Онлайн система боюнча сабак өтүүдө ноутбукту колдонууну үйрөнүүгө туура келди. WhatsApp аркылуу үн жаздырып, компьютерде слайд жасап болгон аракетимди жумшап жатам. Учурда ата-эне мектептин ролун аткарып жатат. Ошол себептен мындан бир топ жыл мурда өзүм негиздеген "Ата-энелер мектеби" долбоору боюнча эки күндө бир жолу ата-энелерге онлайн түрүндө сабак өтүп жатам. Анда балдарды үй шартында окутуудагы ата-эненин ролу, психологиялык жагдайлар тууралуу кеп-кеңештерди берем. Себеби коомчулук аталардын, энелердин балдарына жасаган орой мамилелерине күбө болууда.

Техниканын мен билбей калган учурларында үйдөгү уулдарым, келиним жардам берип жатышат. Негизи 70-80 жаштагы мугалим деле техниканы пайдалануу үчүн 2-3 күн ичинде элементардык даражада үйрөнсө болорун билдик. Аралыктан туруп сабак өтүү чын-чынына келгенде жандуу түрдө сабак өткөнгө жетпейт. Себеби жугумдуулугу аз. Эми азыркы кырдаалда онлайн сабак өтүүгө шарт түзүлгөнүнө деле кубанып турабыз. Себеби башкысы балдар билимден артта калбашы керек.

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясына байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болуп жатышат
Интернеттин тилин билбей... Жашы өткөн мугалимдер онлайн-сабак өтүүдө кантти - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда мектеп окуучулары коронавирус пандемиясына байланыштуу IV чейректи үйдөн окууга аргасыз болуп жатышат

Ат-Башынын математиги

— Техникалык жактан көйгөйлөр бар. Zoom тиркемесине кирели десек телефонубуз көтөрө албайт. Интернет дагы начар болуп жатат. Азыр телевизор жана WhatsApp менен чектелип отурабыз. Бул тиркемелердин тилин билбей жаштардан кеп-кеңеш сурап жатабыз. Дистанттык окутууда жаштар көп кыйналган жок.

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомаметов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токтомаметов: ата-эне менен мугалимдин тыгыз иштеше турган учуру келди
Анан чарчап дагы калат экенсиң. Мурда мектептен сабак берип эле кетип калчубуз да. Азыр WhatsApp тынбайт. Окуучуларга сабакты түшүндүрүп, ар биринин тапшырмасын текшерип, кайра салып, дагы башка суроолоруна жооп берем. Ошого эле адаттан тыш убакыт кетет экен. Үлгүрбөй кыйналып кетип жатам. Телевизордон сабак берилгени үчүн дагы жаныбыз калып атат окшойт.

Балдар баары бир бизге көнүп алган да, сабактарды түшүнбөй жаткандай сезиле берет. Бирок балдарыбыз шакылдатып эле эсептерди кетирип жатат, өздөрү чыгарып жатабы же бири-биринен көчүрүп берип жатабы билбей калдым (күлүп). Тапшырманы так, туура, анан бирөө да калбай аткарып жатат. Кыскасы, өзүм көрүп тургандай сабак болгон жок. 

Ош шаарындагы орус тилчи

— Мен буга чейин жөнөкөй эле телефон көтөргөндүктөн WhatsApp сыяктуу тиркемелерди колдонгонду билчү эмесмин. Компьютер менен да иштегенди билбейм. Мага азыр ар бир сабакты онлайн түрүндө өтүү түйшүк жаратууда. Кызым жардам берип жатат.  Мага карап кызым да өз жумушунан калып, керээли-кечке сабак даярдашат. Онлайн сабактар мугалимге да, окуучуга да бир топ ыңгайсыз деп эсептейм. Мен сыяктуу улгайган мугалимдер кыйналып жатышат. Мындай ыкма эффективдүү эмес. Эми кырдаалга жараша ыңгайлашып, сабак өткөнгө аракет кылып жатабыз.

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз айылынын физиги

— Интернетке акчасы жоктор үчүн MegaCom байланыш түйүнүнүн сим-картасы бекер болот деди эле. Бир нече мугалим аны иштете алган жокпуз. Симканы салдык, бирок андан кийинки жол-жобосуна түшүнбөдүк. Мурда компьютер алып, Wi-Fi коштуралы деп чыгына албай жүрдүк эле, дистанттык окуунун аркасы менен аны ишке ашырдык.

Учительница русского языка Дамира Жумабаева - Sputnik Кыргызстан
Радио
Педагог дистанттык окутууда ата-энелерге бир нече кеңеш берди
Ачыгын айтканда, Zoom тиркемесин эки эле жолу колдондук. Аны башында өздөштүрүү кыйын болду. Экинчиден, балдардын көбүнүн интернети начар болуп, жарымы видеосабакка кошула алган жок. Анан өчүп баратат, кире албай жатабыз деп ызылдап башташат. Анан бири түшүнүп, экинчиси түшүнбөй калбасын деп WhatsApp аркылуу эле сабак өтүп жатабыз.

Менде, маселен, 9-класста "бешке" окуган кыз бар. Анын жашоо шарты начар, интернетке ылайыктуу телефону да жок. Үйдө эле окуп турайын деп дароо бир нече тапшырманы жазып алган. Мына ушундай көйгөйлөр бар. 

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖашы өткөн мугалимдердин балдарга онлайн сабак өтүүдө кыйынчылыкка тушугуп жатканы маалым болду
Интернеттин тилин билбей... Жашы өткөн мугалимдер онлайн-сабак өтүүдө кантти - Sputnik Кыргызстан
Жашы өткөн мугалимдердин балдарга онлайн сабак өтүүдө кыйынчылыкка тушугуп жатканы маалым болду

Нарындын Ак-Талаасынын кыргыз тилчиси 

— Мурда телефонум эски эле, азыр дистанттык окууга карап жаңысын алганга туура келди. Аны алгандан кийин Zoom тиркемесин өздөштүрүү кыйын болду, бирок балдарым жардам берип жатат. Айылда алтымышка чыгып калган мен сыяктуу мугалимдер деле ушинтип кыйналып жатышат.

Анан 2-3 мүнөттүк слайд жасоо үчүн беш саат жөн эле кетип жатат. Өткөндө ушундай видео жасайм деп таңкы үч-төрткө чейин отурдум. Компьютер жок, телефондон аракет кылдык. Сыртка чыгып жасаталы десек карантин, болгон жердин бардыгы жабык. Интернет да аябай начар. Кайтарым байланышка ушундай материалды жасагыла деген талаптар болууда.

Балдарга деле кечке чала берип ата-энесине жаман көрүнүп бүтмөй болдук. Телевизор көрүп жатасыңарбы, Zoom тиркемесине киргиле, тапшырма аткаргыла деп кечке чалабыз. Себеби кыштактагы балдар интернетке киргенден кыйналгандыктан чалып байланышабыз. Бөтөнчө мен сыяктуу класс жетекчилерде жоопкерчилик чоң. Анан алардын тапшырмаларын текшерип бир топко чейин отурам. Баары бүткөндө директорго бир күндүк сабак кандай өткөндүгү тууралуу баштан-аяк отчёт беребиз.

Талас районунун орус тилчиси

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомабетов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Токтомаметов: теледеги сабактарды мугалим багыт катары гана алышы керек
— Zoom аркылуу мугалимдер менен чогулуш өткөнбүз. Бирок ыңгайсыздыктарын байкап, балдарга сабакты WhatsApp менен эле өтүп жатам. Ошондой эле Telegram тиркемесине да жаңы кирдим. Бизде мектепте жаш-карысына карабай компьютер үйрөтүшчү. Эгер үйдө телефондон тышкары компьютер, ноутбук, жеткиликтүү интернет болсо, дистанттык окутуу оңоюраак болмок деген ойдомун.

Окутуунун бул түрү убакытты көп алат экен. Жаш балдардай эле уюлдук телефонду кучактап калдык. Эмне жиберип жатышат деп карап отурабыз. Күндүз окуучулар менен бирге телевизордогу сабакты көрүп, тапшырмаларды берип, сабак жазабыз. Чоң балдар күндүз жумуш кылгандыктан тапшырмаларын кечинде аткарып кетиришет. Анан түн киргенге чейин аларды карап отурабыз. Кээде чарчаганда башым ооруп чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0