Бишкектеги жүргүнчүлөрдүн "Тулпар" картасы ишин убактылуу токтотту

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭлектронное билетирование в Бишкеке
Электронное билетирование в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын жашоочулары 1-марттан тарта автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөй баштаган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттор жүрбөй жаткандыгына байланыштуу "Тулпар" электрондук картасын берүү долбоору да ишин убактылуу токтотту. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Троллейбус департаменти менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасы пландаган кирешени ала албай калган.

"Бул ишканалар көз карандысыз болуп саналат жана жүргүнчү ташуудан пайда табышат", — деп айтылат маалыматта.

Калаа мэри Азиз Суракматовдун тапшырмасы менен шаардык бюджеттен муниципалдык автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларына айлык маяналарын төлөө үчүн 12 миллион сом субсидияланган. Март айынын эмгек акысы 21-апрелден баштап берилери айтылды.

Киши Тулпар картасын кармап турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Марттын башынан бери "Тулпар" картасын колдонгондордун саны айтылды
Белгилей кетсек, Бишкекте 1-марттан тарта "Тулпар" электрондук төлөм системасы иштей баштаган. Тагыраагы, жүргүнчүлөр автобус менен троллейбустарга киргенде жол кирени акчалай эмес, карта аркылуу төлөп жаткан.

Карта үч түргө бөлүнөт. Кызыл карта пенсионерлерге, почта кызматкерлерине жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге берилет. Ал эми окуучулар жашыл түстөгү картаны алат. Жалпы жарандар үчүн көк түстөгү карта каралган.

Коронавируска байланыштуу Бишкекке дагы башка шаарлар сыяктуу өзгөчө абал режими киргизилген. Анын эрежеси боюнча транспорттор элди ташууну токтоткон, бирок атайын кызматтагыларды ташуусун улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0