Ситуация в Бишкеке в связи с введенем ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан

Коронавирус каптаган 35 күн: Кыргызстандагы абал боюнча кабар, сүрөт, видео

Жазылуу
Кыргызстанда COVID-19дун катталганына бүгүн туптуура 35 күн болду. Өлкө бийлиги ооруга каршы күрөш жарыялаганы менен коронавирус табылгандардын саны улам көбөйүп жатат. Өлкөдө вирус жуктарган 568 учур катталды, анын ичинен жети киши өлдү.

Эпидемиологиялык абалдан улам Кыргызстандын төрт шаары менен төрт районуна өзгөчө абал киргизилген. Калган аймактарда өзгөчө кырдаал режими иштеп жатат.

Элдин ээн-эркин басуусу чектелген. Ооруну бири-бирине жугузуп албаш үчүн байланышты азайтуу боюнча кеңештер айтылууда.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:46 21.04.2020
20:44 21.04.2020

 ТИМ Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселесин макулдашты

2020-жылдын 22-апрелинде Россия Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү мерчемдеген. Россия тарабы менен ушул эле рейс боюнча Новосибирск шаарындагы мекендештерибизди алып келүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон КР жарандарына Новосибирскиде убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлдү.

19:00 21.04.2020
18:39 21.04.2020

Нарын шаарында коронавирус жуктурган беш адамдын баары айыгып чыкты. Мындай маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин статистикасында жазылган.

Буга чейин шаарда беш адамдан COVID-19 аныкталса, бүгүнкү күндө баары ооруну жеңип чыкты.

Кочкор районунда дагы бир адамга вирус жугуп, ал да сакайган.

Ал эми Ат-Башы районунда 57 учур катталган, бирөөнүн абалы оор. Айыккандар азырынча жок.

Жумгал районунда 10 адамдан аныкталып, бирөө айыгып үйүнө чыгарылган.

Нарын облусу боюнча жалпылап алганда 73 учур катталып, жетөө айыкты.

 

 

18:36 21.04.2020
16:19 21.04.2020

Коронавирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарда азыр дарыгерлер турат. "Дзотко төшүн тоскон" да медиктер. Бирок саламаттык сактоо министринин карантинден улам иштебей отурган медиктерге маяна төлөнбөйт деген чечими коомчулукту таң калтырбай койгон жок.

 

Оригами из сомовых купюр разных номиналов - Sputnik Кыргызстан
5000 сом айлык буюрбай... Колдой турчу кезде кор болгон медиктер
15:46 21.04.2020

Кыргызстандын жарандарын алып кетүү Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери 2020-жылдын март айынан бери түзүп жаткан тизмелерге ылайык ишке ашырылат. Биринчи кезекте, артыкчылык жашы улууларга, балдарга, аялдарга, ошондой эле саламаттыгынан көйгөлөрү бар жарандарга берилет.

Учурда Кыргызстандын Түркиядагы чет элдик мекемелери тарабынан Кыргызстандын жарандарын Түркиянын шаарларынан Стамбулга келиши үчүн жергиликтүү бийликтерден уруксат алуу маселеси иштелүүдө.

15:44 21.04.2020

Нарындын Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алган 57 тургундун баарынын абалы туруктуу. Бул туурасында район акими Нурбек Сатаров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө COVID-19 жугузган жана алар менен байланышта болгон биринчи, экинчи категориядагы адамдардын баары аныкталган.

"Элге кооптонуунун зарылчыгы жок деп эсептейм. Кээ бирлери обсервацияга жаткырылып, башкалары үй карантинге чыгарылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Буга чейин бейтапканада жаткандардын экөөнүн гана дене табы көтөрүлгөнү байкалган. Башкаларда эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес. Абалдары туруктуу деп айтсак болот”, — деди аким.
Соңку маалымат боюнча Нарын облусунда 73 адамдан коронавирус аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунан чыккан.

 

 

14:38 21.04.2020

Джонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 2 млн 478 миӊ 948 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 170 миӊ 399 адам каза болду

АКШ – 787 901 (каза тапкандар – 42 604)
Испания – 200 210 (каза тапкандар – 20 852)
Италия – 181 228 (каза тапкандар – 24 114)
Франция – 156 493 (каза тапкандар – 20 265)
Германия – 147 065 (каза тапкандар – 4 862)
Улуу Британия – 125 856 (каза тапкандар – 20 265)
Түркия – 90 980 (каза тапкандар – 2 140)
Кытай – 83 849 (каза тапкандар – 4 632)
Иран – 82 211 (каза тапкандар – 5 118)
Россия – 47 121 (каза тапкандар – 405)

14:36 21.04.2020

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев маалымат жыйын учурунда коронавирус менен күрөшүүдө эмнеге Ош шаарына көп күч келип жатканын түшүндүрдү.

 

Работы по дезинфекции улиц в Оше - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 менен күрөшүүдө Ош шаарына күч келип жатат. Себеби
13:11 21.04.2020

 Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйында билдирди.

“Ал Россиядан апрель айында эле келген экен. Биз “ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” деп канчадан бери айтып жатабыз. Бул дал ушундай абалга туш келди, медициналык кароодон өтпөй бала-бакырасы менен карым-катнашта жүрө берген. Мунун айынан үй-бүлө мүчөсүнө жугузган, дагы 10 адам обсервацияга алынды. Башка дагы ким менен байланышта болгонун тактап жатабыз. Жарандарга кайрылып кетейин, эгер кандайдыр бир шек жаралса, дарыгерге кайрылууга милдеттүсүздөр”, — деди Нурдинов.

 

12:18 21.04.2020

Кыргызстанда 21-апрелге карата COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 590го жетти. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ооруган жарандар кайсы аймактарда жашай турганы боюнча маалымат берди.

Ош облусу – 150 адам;
Жалал-Абад облусу – 105;
Бишкек – 123;
Ош шаары – 93;
Нарын облусу – 73;
Чүй облусу – 32;
Ысык-Көл – 8;
Баткен облусу – 6.
Илдет жуктуруп алгандардын 321и аялдар болсо, 269у эркек.

 

 

11:20 21.04.2020
11:18 21.04.2020

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүчү жеке тараптарга окутуунун акысын арзандатууну сунуштап жатат. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган ведомстводон дистанттык окутууда тамак-ашка, кеңсе буюмдарына жана коммуналдык кызматтарга чыгым сарпталбай тургандыгын айтышты. Алар ата-энелер менен жетекчиликтин бир пикирге келип алуусун сунуштады.

Ал эми аталган мекемелердин жетекчилери окуу имараттарынын ижара акысын азайтууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатышат

 

10:55 21.04.2020

Түркиядан келген кыргызстандыктардын анализи таза чыккандан кийин үй карантинине чыгарылган.

 

Заместитель министра здравоохранения Нурболот Усенбаев - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: Түркиядан келген кыргызстандыктар үй карантинине чыгарылды
10:25 21.04.2020
10:22 21.04.2020
10:17 21.04.2020

 Бишкек ш. – 8

 Ош облусу – 3
 Ош ш. – 6
Нарын облусу – 5
 

10:09 21.04.2020
10:09 21.04.2020
10:08 21.04.2020

Алардын 42си дарыгер, 61и -  орто медкызматкер, 24 - кичүү медкызматкер. Мындан сырткары башка кызматтардагылар бар. Алар - санитарка, жууп-тазалоочу кызматкерлер, IT адистер, ашканада иштегендер. 

 

 

10:07 21.04.2020
10:06 21.04.2020
10:01 21.04.2020
10:01 21.04.2020
09:35 21.04.2020
09:29 21.04.2020

20-апрелде: 

COVID-19 инфекциясынын жуктурган жаңы 14 учуру катталды  

Жалпы жуктурган - 568 адам

 Медицина кызматкерлери - 140 (дагы алтоо кошулган )

Ооруканада – 360 киши жатса, анын ичинен реанимация – 8и бар.

 Өлгөндөр – 7 (кечээ дагы 2 кошулган).

 

09:21 21.04.2020

Жугуштуу оорулар эпидемиясы жүрүп жаткан учурда узак убакытка ачка жүрүү вирустун тез жугуп кетишин шарттайт. Бул тууралуу Россиянын диетологдор ассоциациясынын мүчөсү, дарыгер-диетолог Марина Макишага шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, узак убакыт ачка жүрүү организмди стресске учуратышы мүмкүн. Мындай абалында ал вирустун алдында алсыз болуп калат.

 

 

Общественное питание в Гамбурге - Sputnik Кыргызстан
Пандемия учурунда ачка жүрүү туура эмес. Диетологдун пикири
Жаңылыктар түрмөгү
0