Өлкөдө COVID-19 вирусун дагы 15 бейтап жеңди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтапкана. Архив
Ооруканадагы бейтапкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басарынын айтымында, ооруну жеңген төрт киши Бишкектен, алтоо Ош облусунан, бирөө Нарын облусунан жана дагы бирөө Ош шаарынан болду.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 15 бейтап коронавирусту жеңип, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, илдеттен айыккан төрт киши Бишкектен, алтоо Ош облусунан, бирөө Нарын облусунан жана дагы бирөө Ош шаарынан болду.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө коронавирустан жалпы 216 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бүгүн Кыргызстанда дагы 22 кишиден COVID-19 чыгып, жалпы саны 590го жетти. Анын ичинен 216 айыгып, жетөө каза болду. 147 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган.

Азыркы тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билип алсаңыз болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин  жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0