Министрлик: Түркиядан келген кыргызстандыктар үй карантинине чыгарылды

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-апрелде Стамбулдан Бишкекке чартердик каттам менен 212 кыргызстандык алып келинген. Мекендештер "Ак кеме" мейманканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Түркиядан келген кыргызстандыктардын анализи таза чыккандан кийин үй карантинине чыгарылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Эске салсак, 17-апрелде Стамбулдан Бишкекке чартердик каттам менен 212 кыргызстандык алып келинген болчу.

"Мекендештер Түркиядан алып келинери менен "Ак кеме" мейманканасына жеткирилген. Ошол жерден эле бардыгына лабораториялык тестирлөө жүргүзүлгөн. Анализдеринин жыйынтыгы таза чыккандан кийин телефондоруна атайын тиркемелерди көчүрүп берип, анкета толтуртуп, үйүндө шарты барларды атайын автоунаалар жеткирген. Сырттан келгендердин арасында бөйрөгүн алмаштыргандар, жүрөгүнө операция жасаткандар бар экен. Аларды түз эле ооруканага алып барып, ал жактан да тестирлөө кылып, андан соң үй карантинине чыгышкан", — деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, өткөн суткада дагы 22 адамдан коронавирус аныкталып, жалпы саны 590го жетти. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду.

Обучение ординаторов диагностике COVID-19 в клинике Волгоградского медицинского университета - Sputnik Кыргызстан
Өткөн суткада 7 медиктен коронавирус чыкса, алтоо айыгып кызматына киришти
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0