Менчик мектептер менен бакчалардын акысын арзандатуу сунушталды

© Sputnik / Сергей Ещенко / Медиабанкка өтүүОрто мектеп карантинге жабылган. Архив
Орто мектеп карантинге жабылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аралыктан окууга өткөндүктөн, менчик билим берүү жайларында окуган балдардын ата-энелери ага төлөгөн акчанын баасын түшүрүүнү суранып жатышат.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги билим берүүчү жеке тараптарга окутуунун акысын арзандатууну сунуштап жатат. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган ведомстводон дистанттык окутууда тамак-ашка, кеңсе буюмдарына жана коммуналдык кызматтарга чыгым сарпталбай тургандыгын айтышты. Алар ата-энелер менен жетекчиликтин бир пикирге келип алуусун сунуштады.

"Министрлик коронавируска байланыштуу карантинде отуруп кирешесиз калган ата-энелердин да, ишмердүүлүгү окутуудан түшкөн каражатка байланыштуу болгон жеке менчик мектептердин да абалын түшүнүп турат", — деп айтылган маалыматта.

Эске сала кетсек, мындай сунуш менен министрлик балдары менчик жайларда билим алган ата-энелерден төлөмдүн баасын түшүрүү боюнча өтүнүчүнөн кийин чыккан. Ал эми аталган мекемелердин жетекчилери окуу имараттарынын ижара акысын азайтууга көмөк көрсөтүүнү суранып жатышат.

Дистанционное обучение во Франции - Sputnik Кыргызстан
Кошо ырдагыла. Дистанттык окуу учурунда кенже класстагылардын ата-энесине 5 кеңеш
Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаалдан улам өлкөнүн билим берүү тармагы балдарды аралыктан окутуу ыкмасына өткөргөн.

Ушул тапта өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны жалпысынан 590го жетти. Ал эми ооруканадан жети киши каза болду.

Азыркы тапта өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан билип алсаңыз болот.

Белгилей кетсек, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0