Ат-Башыда коронавирус жугузган 57 адамдын абалы айтылды

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүОоруканадагы компьютердик томография кабинети. Архив
Ооруканадагы компьютердик томография кабинети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалымат боюнча, Нарын облусунда 73 адамдан коронавирус аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунан чыккан.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда коронавирус жуктуруп алган 57 тургундун баарынын абалы туруктуу. Бул туурасында район акими Нурбек Сатаров маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө COVID-19 жугузган жана алар менен байланышта болгон биринчи, экинчи категориядагы адамдардын баары аныкталган.

“Элге кооптонуунун зарылчыгы жок деп эсептейм. Кээ бирлери обсервацияга жаткырылып, башкалары үй карантинге чыгарылып, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Буга чейин бейтапканада жаткандардын экөөнүн гана дене табы көтөрүлгөнү байкалган. Башкаларда эч кандай оорунун белгилери байкалган эмес. Абалдары туруктуу деп айтсак болот”, — деди аким.

Соңку маалымат боюнча Нарын облусунда 73 адамдан коронавирус аныкталган. Анын басымдуу бөлүгү Ат-Башы районунан чыккан.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 590го жетти. Анын ичинен 216сы айыгып, жетөө каза болду. Ошондой эле 147 медицина кызматкери да оору менен алышууда.

Карантинный центр в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында канча адам вирус жуктурду. Бүгүнкү статистика
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0