Муниципальные службы дезинфицируют улицы Бишкека, во время режима чрезвычайного положения из-за ситуации с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан

Кыргызстанда COVID-19 азырынча аяктачудай эмес. Абал боюнча тексттик баяндама

Жазылуу
Кыргызстанда коронавирус боюнча кырдаалдан улам киргизилген өзгөчө абалдын жакынкы күндөрдө аягына чыга турган түрү жок. Себеби COVID-19 жуктуруп алгандардын саны азырынча токточудай эмес. Ооруну жуктуруп алгандардын саны күн сайын кеминде 10дон кошулууда.

Өкүнүчтүүсү, элди дарылайбыз деген дарыгерлердин, медицина жайларынын кызматкерлери да коронавируска чалдыгып жатат.

Кечээги маалымат боюнча, жалпы ооругандардын саны 590го жетти.

Sputnik Кыргызстан абал боюнча бүгүн да окурмандарга текст, фото жана видео түрүндө маалымат берүүсүн улантат.

Мазмуну
10:19 22.04.2020
Алгач жаңыларыАлгач эскилери
20:25 22.04.2020
19:51 22.04.2020

"Манас” эл аралык аэропортунан 22-апрелде Новосибирскиден келген чартердик рейсти тосуп алышты.

Баарынын коопсуздугу үчүн 176 жүргүнчү аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлөт.

Новосибирскиге Бишкектен Россия Федерациясынын жарандары учуп кетет.

19:11 22.04.2020
18:33 22.04.2020
18:21 22.04.2020
17:04 22.04.2020
16:18 22.04.2020

"Бейтап Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасына 5-апрелде оор абалда келип түшкөн жана кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткарылган. Буга чейин ал 1-апрелден 5-апрелге чейин Кемин районундагы ооруканада дарыланып жаткан. Маркумда дагы кант диабети, жогорку тобокелчиликтеги гипертоникалык илдет, жүрөк дарты бар болчу", - деп билдиришти Республикалык штабдан.

15:30 22.04.2020
15:24 22.04.2020

22-апрелге карата бир суткада коңшу мамлекетте 30 жаңы учур катталган.

Казакстанда коронавирус көп катталып жаткан аймактар:

Алматы — 680;
Нур-Султан — 401;
Кызыл-Ордо облусу — 151;
Шымкент — 103;
Караганда облусу — 101.
Калган облустарында коронавирус жуктургандар жүздөн ылдый. 

15:18 22.04.2020

Жонс Хопкинс Университетинин маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жалпы 2 млн. 567 миӊ 327 адам коронавируска чалдыккан. Алардын ичинен 177 миӊ 521 адам каза болду.

 

 АКШ – 825 306  (каза тапкандар – 45 075)

 Испания – 204 178  (каза тапкандар – 21 282)

 Италия – 183 957  (каза тапкандар – 24 648)

 Франция – 159 300  (каза тапкандар – 20 796)

 Германия – 148 453  (каза тапкандар – 5 086)

 Улуу Британия – 130 184  (каза тапкандар – 17 337)

 Түркия – 95 591  (каза тапкандар – 2 259)

Иран – 84 802  (каза тапкандар – 5 297)

 Кытай – 83 864  (каза тапкандар – 4 636)

 Россия – 52 763  (каза тапкандар – 456)

 

13:08 22.04.2020
13:07 22.04.2020

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов ыкчам штабдын кезектеги жыйынында мамлекеттик органдар Россия, Түркиядагы мекендештердин жакын арада келишине даярдык көрүшү керектигин айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

 "Обсервациялык жайлар, медициналык мекемелер даяр болушу шарт. Бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары мекендештерди обсервацияга жайгаштырууда жана андан аркы иш-аракеттерде алгоритм боюнча иштеши керек. Келгендерге шарт түзүп берүү зарыл", — деди Боронов. 

 

13:03 22.04.2020

Коронавирус жуктурган Кытайдагы эки дарыгер сакайгандан кийин терисинин өңү өзгөрүп, ынды кара болуп калды.

 

Прохождение экспресс-тестов на выявление коронавируса на Украине - Sputnik Кыргызстан
Оозду ачырды! Коронавирус жуктурган дарыгерлердин териси таанылгыс болуп өзгөрдү
12:30 22.04.2020

“Коронавирус боюнча абал өтө жакшы дегенден алыспыз. Байланыш болуп калгандардан улам чыгып калып жатат. Андыктан, оорулуу менен байланышта болгон акыркы кишини тапканга чейин иштейбиз, - деди өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлү Таалайбек Сарыбашев.  

11:18 22.04.2020

“Бишкекте квартиранттар арбын. Андыктан батир ээлерин абалга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат элем. Чыдап туруңуздар.  Андын сырткары дүкөндөрдү, соода жайларында аянттарды да ижарага алып оокат кылгандарга имараттын кожоюндарына акыны талап кылбай турууну суранам”, - деди Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев.

11:00 22.04.2020
10:24 22.04.2020

"Бишкектеги Скрябин, 92 дарегиндеги менчик лаборатория иштеп баштады. Жаран COVID-19дан шектенсе, анализ тапшырып текшерилсе болот", - деди Үсөнбаев. 

10:19 22.04.2020

Үсөнбаев: COVID-19ден сактануунун бир жолу - үйдү желдетип, улам таза аба киргизип туруш керек. Бул туурасында жакында Польшадан келген адистер да айтышты. Кыш мезгилинен кийин жылууланып жабылган терезелер бар. Аларды ачыш керек. 

10:18 22.04.2020
10:17 22.04.2020
10:17 22.04.2020

COVID-19 жуктуруп алгандар менен байланышта болгондордун саны – 8 538

10:15 22.04.2020
10:14 22.04.2020
10:12 22.04.2020
10:12 22.04.2020
10:09 22.04.2020
10:08 22.04.2020
10:06 22.04.2020
10:04 22.04.2020
10:04 22.04.2020
10:02 22.04.2020
09:57 22.04.2020

Коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

Бишкек шаарында — 59;
Жалал-Абад шаарында — 7;
Ош шаарында — 7;
Сузак районунда — 5;
Нарын шаары — 2;
Ат-Башы району — 3.
Ал эми Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 3167 адам кармалды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0