Бишкекте коронавирус жуктургандар эмнеге көбөйүп жатат? Министрликтин жообу

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаада коронавирус жуктуруп алгандардын саны 133кө жетти. Коронавирус көп катталган аймактардын арасында Бишкек биринчи сапта турат, экинчи орунда Ош облусу.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Бишкекте COVID-19 жуктургандардын саны эмне себептен көбөйүп жатканын түшүндүрдү.

Анын айтымында, борбор калаада обсервация жайлары жана коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгондор көп.

"Борбордо көбүрөөк көйгөй жаралып жаткандай. Аларды акырындык менен чечүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Үсөнбаев.

Калаада коронавирус жуктуруп алгандардын саны 133кө жетти. Коронавирус көп катталган аймактардын тизмесинде Бишкек биринчи сапта турат, экинчи орунда Ош облусу.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 612 адамдан аныкталса, 254ү айыкты. Жуктуруп алгандардын ичинен 157си медиктер. Илдет жети адамдын өмүрүн алган.

Укук коргоочу кызматкерлери Бишкектеги блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 12 милиция кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бирөө реанимацияда
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак, Ат-Башы райондоруна өзгөчө абал жарыяланып, кечки саат 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Мындан тышкары, Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0