Мэрия: Бишкекте 48 миң үй-бүлөгө тамак-аш жеткирилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМатериальная помощь социально-уязвимым слоям населения в условиях ЧП
Материальная помощь социально-уязвимым слоям населения в условиях ЧП - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азык-түлүк алууга мэриядан тышкары кайрымдуулук фонддору, ишкерлер жана жөн гана боорукер жарандар жардам берип жатат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясы менен райондук штабдар муктаж болгондорго жардам берүүсүн улантууда. Бүгүн 48 144 тамак-аш жеткирилгенин муниципалитеттен билдиришти.

Райондор боюнча:

  • Свердлов районунда — 13 857 үй-бүлө;
  • Биричи май районунда — 12 667 үй-бүлө;
  • Октябрь районунда — 8 135 үй-бүлө;
  • Ленин районунда — 13 211 үй-бүлө.

Супермаркеттин ишкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алма, балык, чай. Кымбат сатууга тыюу салынган азыктардын тизмеси кеңейди
Ошондой эле шаардын тегерегиндеги Ала-Арча, ТЭЦ-2, Жер Ынтымагы, Селекционное, Ак Ордо-2, Ак Ордо-3, Ак Жар жана Адилет конуштарынын тургундары жардам алды.

Мэриядан билдиришкендей, азык-түлүк алууга мэриядан тышкары кайрымдуулук фонддору, ишкерлер жана жөн гана боорукер жарандар жардам берип жатат.

Муктаж болгондор төмөнкү номерлерге кайрылса болот:

  • Биринчи май району: 66-15-37, (0702) 49-39-93, (0990) 64-44-10;
  • Ленин району: 65-69-20, (0551) 18-43-28;
  • Свердлов району: 36-07-07, (0703) 90-61-16, (0705) 64-18-33, (0705) 03-83-89;
  • Октябрь району: 57-65-50, (0555) 40-16-81, (0709) 81-23-24.
  • Мэриянын волонтёрдук штабы: (0551) 57-39-89.
Жаңылыктар түрмөгү
0