Жакшы кабар! Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын дээрлик жарымы айыгып чыкты

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүДарыгер оорукананын коридорунда бара жатат. Архив
Дарыгер оорукананын коридорунда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 302 болду. Стационарда азыркы тапта 321 бейтап дарыланууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 48 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Анын айтымында, өлкөдө коронавирустан айыккандардын жалпы саны 302 болду.

"Бир суткада коронавирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылган бейтаптардын 14ү Бишкекте, экөө Нарында, жетөө Ош облусунда, 25и Ош шаарында", — деди Үсөнбаев.

Медициналык кызматкер жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус эпидемиясын токтотуунун жалгыз жолу аталды
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631ге жетсе, анын ичинен 302си айыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0