Министрлик: коронавирус жуктуруп алган 162 медиктин 45и сакайды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив
Тез жардам кызматкерлери коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыккандардын ичинен 16сы дарыгер, 18и орто, сегизи кенже медперсонал, үчөө башка адис экени айтылды.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жалпы 162 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алса, бүгүнкү күндө анын 45и сакайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, бир суткада беш медиктен коронавирус аныкталган.

"Коронавирус инфекциясын 162 медицина кызматкери жуктуруп алса, 45и айыкты. Анын ичинен 16сы дарыгер, 18и орто, сегизи кенже медперсонал, үчөө башка адис", — деди Үсөнбаев.

Дарыгер оорукананын коридорунда бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жакшы кабар! Кыргызстанда COVID-19 жуктургандардын дээрлик жарымы айыгып чыкты
Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 631ге жетип, анын 302си айыкты. Вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0