Сапар Исаков Петровка айылындагы абакка которулду

Жазылуу
Сапар Исаков менен кошо соттолгон дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектин аймагындагы түзөтүүчү колониялардын бирине которулат.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков №1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүүчү колонияга которулду. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

“Электр станциялары” ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов болсо Молдовановка айылындагы №27 абагына которулду. Дагы бир экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги №47 түзөтүүчү колонияга жөнөтүлгөнү жатат.

Жогоруда аты аталгандардын бардыгы Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо коррупциялык иштерге барган деп айыпталган. Сапар Исаков 15 жылга, Сатыбалдиев 7,5 жана Авазов 11 жыл 3 айга эркинен ажыратылып, баарынын тең мүлкү конфискацияланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0