Жалал-Абаддын Чаткал районунда 32 үй-бүлөгө телевизор берилди

© Sputnik / Артём Коренюк / Медиабанкка өтүүКиши телевизордун пультун кармап турат. Архив
Киши телевизордун пультун кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталган аймактарга мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунда 32 үй-бүлөгө телевизор берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, райондук билим берүү бөлүмүнүн профсоюз уюму аймактагы мектеп, бала бакчаларда эмгектенген 81 (мугалим, кенже персонал) кызматкерге материалдык жардам көрсөткөн.

"Муктаж үй-бүлөлөрдүн 32сине сыналгы жана эки уюлдук телефон берилди. 32 телевизордун 18ин мектептер, ал эми 14үн демөөрчүлөр алып берген. Мындан сырткары райондук штаб оор шартта жашаган окуучулардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк таратты", — деп айтылат маалыматта.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталган аймактарга мониторинг жүргүзүп, сыналгы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатканын кабарлады. Жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөр көмөк көрсөтүп жатканы баса белгиленди.

Эске салсак, өлкөдө коронавирустан улам жарыяланган өзгөчө кырдаал жана бир катар шаар, райондордогу өзгөчө абал режиминен улам мектеп окуучулары дистанттык түрдө билим алышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0