Дистанттык окуу: бардык мугалимдердин айлыгы толук төлөнөт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМугалим. Архив
Мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн айлык акы жалгыз киреше булагы болгондуктан маянасы сакталары белгиленди.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Аралыктан окутуу маалында Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген бардык кызматкерлердин айлыгы сакталат жана төлөнүп берилет. Административдик, техникалык жана кенже персоналдар да маянасын колуна алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында 8-апрелден тарта билим берүү уюмдары аралыктан окутууга өткөн.

"Кызматкерлер жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн айлык акы жалгыз киреше булагы болгондуктан маянасы сакталат", — дешти министрликтен.

Аралыктан окутуу башталганга чейин билим берүү уюмдары шартка жараша узартылган каникулга чыгарылган. Тармактагы кызматкерлердин айлыгы анда да толук сакталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0