Өлкөдө 800дөн ашык үй-бүлө телевизорлуу болду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүТелевизор. Архви
Телевизор. Архви - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча телевизорлорун убактылуу, айрымдары биротоло пайдаланууга тапшырышса, кээ бири бузулган телевизорлорун кайра оңдотуп беришкен.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Өлкөдө 800дөн ашык үй-бүлөгө телевизор берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, өлкөдө коронавирустан улам жарыяланган өзгөчө кырдаал жана бир катар шаар, райондордогу өзгөчө абал режиминен улам мектеп окуучулары дистанттык түрдө билим алышууда.

Волонтерлор гуманитардык жардам берип жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ ачкачылык болорун болжоп жатат. Кыргызстан апаатка туруштук бере алабы?
Мындан улам айрым окуучулар үйүндө телевизор жок болгондуктан, сабак окуй албай келишкен.

Ош облусунда аралыктан окутууну сапаттуу ишке ашыруу үчүн муктаж болгон окуучуларга 252 телевизор, 81 смартфон жана 24 мугалимге компьютер алып берилгенин Республикалык штабдан кабарлашты.

Ысык-Көлдө дагы райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен жалпы 496 үй-бүлө сыналгылуу болгон.

"Мектеп, бала бакчалардагы телевизорлор алгач муктаж үй-бүлөлөргө таратылды. Жергиликтүү тургундардын айрымдары ашыкча телевизорлорун убактылуу, айрымдары биротоло пайдаланууга тапшырышты. Мындан сырткары, кээ бири бузулган телевизорлорун кайра оңдотуп беришти", — деп айтылат маалыматта.

Ак-Суу районундагы Жыргалаң айыл өкмөтү муктаж окуучуларга 15 телефон белек кылган. "Сен жалгыз эмессиң" демилгеси аркылуу тогуз телефон жана бир планшет элден чогултулуп, муктаж окуучуларга жеткирилип берүүгө даярдалып жатканы кошумчаланды.

Мындай саамалыктан Жалал-Абад да четте калган жок. Аталган облустун Чаткал районунда 32 үй-бүлө телевизорлуу болду.

Билим берүү жана илим министрлиги дистанттык окутуу башталган аймактарга мониторинг жүргүзүп, сыналгысы, смартфону жок үй-бүлөлөрдү аныктап жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0