Коронавирус жуктургандардын саны эми төмөндөй баштайбы? Министрликтин жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСитуация в Чуйской области из-за коронавируса
Ситуация в Чуйской области из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин адистер Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги 20-24-апрелге туура келерин боолголошкон.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бир жуманын ичинде абал турукташа баштайт деп айтса болот. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты.

Эске салсак, буга чейин адистер Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги 20-24-апрелге туура келерин боолголошкон.

"Бизде коронавирустун кеңири тарап кетүүсүнө шарт түзүлгөн жок. Эпидемиологиялык параметрлерге таянсак, бийиктеген учурду байкабадык. Кыргызстанда оорунун жайылышы тик өспөй, кыйгач вариантта кетти. Ар бир жумада чыккан сандарды анализдеп келдик. Адистер коронавирустун жогорку чеги 20-24-апрелге туура келерин божомолдошкон. Көп каттала турган учурлар ушул күндөргө туура келип жатат. Мындан ары бийиктейт деп айткандан алысмын. Бир жуманын ичинде абал турукташа баштайт деп айтса болот го. Бирок тартип сактап, вирусту жайылтып албоого аракет кылганыбыз дурус. Ооруп калгандар менен байланышта болгон 8500гө чукул адамды текшерип, карап жатабыз. Жалпысынан ылдыйлайт деп айтууга негиз бар. Мындан аркы чараларды өкмөт менен акылдашып жатабыз ", — деди Үсөнбаев.

Медицина кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Оору менен алышам деп... COVID-19 дагы он медикке жабышты
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 656 болсо, анын 322си айыкты. Илдеттен сегиз адам көз жумду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0