Стамбулдан дагы 349 кыргызстандык Бишкекке алып келинди. Сүрөт

© Фото / Пресс-служба МИД КРСтамбулдан дагы кыргызстандыктар алып келинди
Стамбулдан дагы кыргызстандыктар алып келинди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ТИМ чет жактан келе албай жаткан жарандарды алып келүү иштери мындан ары дагы уланарын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Түркиянын Стамбул шаарында мекенине келүүгө аргасыз болуп турган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / Пресс-служба МИД КРМИД КР сообщает о прибытии чартерного рейса с Турции на борту которого возвратились кыргызстанцы. 24 апреля 2020 года
Түркиянын Стамбул шаарында мекенине келүүгө аргасыз болуп турган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Түркиянын Стамбул шаарында мекенине келүүгө аргасыз болуп турган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди
© Фото / Пресс-служба МИД КРМИД КР сообщает о прибытии чартерного рейса с Турции на борту которого возвратились кыргызстанцы. 24 апреля 2020 года
Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинын маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинын маалымат кызматы кабарлады
1/2
Түркиянын Стамбул шаарында мекенине келүүгө аргасыз болуп турган кыргызстандыктар чартердик рейс менен Бишкекке алып келинди
2/2
Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинын маалымат кызматы кабарлады

Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Штаб: төрт миңден ашуун кыргызстандык мекенине кайтууну каалап жатат
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-апрелде, “Түрк аба жолдору” авикомпаниясынын учагы менен 349 мекендеш келди.

Мындай аракет президент Сооронбай Жээнбеков 10-апрелде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин видеоконференция форматындагы саммитиндеги кайрылуусунун арты менен ишке ашканы белгиленет. Анда мамлекет башчы мекенине кайта албай жаткан жарандарга колдоо көрсөтүү маселесин көтөргөн.

ТИМ чет жактагы жарандарды алып келүү иштери мындан ары дагы уланарын кошумчалады.

Коронавирустун кесепети

Медициналык кызматкер кандын үлгүсүн кармап турат коронавирус тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулдан алып келинген мекендештердин айрымдарынан коронавирус чыкты
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 656га жетип, анын дээрлик жарымы, 322си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0