Жээнбеков: санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантыш керек

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боронов кийинки этапта алдыдагы бир жума ичинде коронавируска кабылгандарды аныктоо боюнча иштер күчөтүлөрүн белгиледи.

БИШКЕК, 24-апр. – Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-апрелде, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жолугушуу учурунда коронавирус инфекциясынын андан ары жайылышына жол бербөө, анын кесепеттерин жоюу жана калктын аярлуу катмарына жардам берүү боюнча чаралар талкууланды.

Президент өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн режимде улантуу зарылдыгын баса белгилеп, экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жаңыртууга, жазгы талаачылык иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурду.

Биринчи вице-премьер кийинки этапта илдет жуктуруп алгандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо боюнча иш жүрөрүн белгилеген.

“Ал үчүн бир апта аралыгында эпидемиологиялык иликтөөлөр, бардык жерде текшерүүлөр жүргүзүлөт. Өзгөчө жаңы конуштарга жана эл жыш жайгашкан жерлерге көңүл бөлүнөт”, — деди Боронов.

Краевая клиническая больница Краснодара - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуктурган бейтапты дарылоого канча акча короп жатат? Министрликтин жообу
Ал ошондой эле жалпы республика боюнча материалдык жактан кыйын күнгө кабылган жарандарга жардам көрсөтүү боюнча иштер улантылып жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 656га жетип, анын дээрлик жарымы, 322си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Жаңылыктар түрмөгү
0