Балдарды мектепке даярдаган мугалимдердин айлыгы кандай чыгат? Министрликтин жообу

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүМугалим мектепте карантин учурда. Архив
Мугалим мектепте карантин учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каникул убагында (16-марттан 8-апрелге чейин) иш жүктөмдөрү аткарылбагандыгына байланыштуу алардын эмгек акысы сакталбайт. Дистанттык окуу 8-апрелден башталды, андан бери канча саат өтүлсө, ошого жараша айлык төлөнөт.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы 480 саат менен "Наристе" программасы боюнча иштеген мугалимдердин маянасы боюнча түшүндүрмө берди.

Ага ылайык, аталган программа боюнча мектепке балдарды даярдаган мугалимдерге өтүлгөн саатына гана акы төлөнөт.

"Аты айтып тургандай, жыл ичинде 480 саат өтүлөт, мугалим ошол сааттарга акы алат. Каникул убагында (16-марттан 8-апрелге чейин) иш жүктөмдөрү аткарылбагандыгына байланыштуу алардын эмгек акысы сакталбайт. Дистанттык окуу 8-апрелден башталды, андан бери канча саат өтүлсө, ошого жараша айлык төлөнүп берилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Экзамен тапшырып жаткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ЖРТ тапшырууда жеңилдик берилеби? Министрликтин жообу
Маалыматка ылайык, көбүнчө аталган жүктөмдү 4-класстын мугалимдери алып жүрүшөт, анткени "Наристе" программасына тартылган балдар кийин 1-класска ошол педагогдордун колуна барышат.

Бакчага барбаган балдар үчүн "Наристе" программасы 2015-жылы башталган. Анда атайын ченемдер коюлган. Мисалы, жылдык жүктөмдүн көлөмү 480 сааттан ашпаш керек. Программанын узактыгы 32 жума болуп, аптасына 15 саатка ылайыкташкан. Бир топто 30га чейин бала болушу шарт.

Жаңылыктар түрмөгү
0