Ишембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба УВД города ОшУкук коргоо кызматкери жаан учурда постто турат Ош шаарында. Архив
Укук коргоо кызматкери жаан учурда постто турат Ош шаарында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 25-апрель, ишемби күнү, республиканын көпчүлүк аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ошондой эле бийик тоолуу өрөөндөрдө жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Индиядагы муссон жаанынан кийинки кесепеттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адистер адамзатты курута турган 10 коркунучту атады
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй менен Таласта +20…+25 , Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +25…+30 жана Ысык-Көл менен Нарын жергелеринде +19…+24 радус жылуу болот.

Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, ал эми Ош шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы баш калаада +23…+25 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +24…+26 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0