Ата-эне өспүрүм менен мамилесин кантип жакшырта алат. Психологдун кеңештери

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүМосквада полициянын кызматкери өспүрүмдүн документтерин текшерип жатышат. Архив
Москвада полициянын кызматкери өспүрүмдүн документтерин текшерип жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда мектеп окуучулары өлкөдө жарыяланган өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режимдерине байланыштуу үйдөн окууга аргасыз болууда. Демек, алар убактысынын көбүн ата-эне, жакындары менен өткөрө турганы маалым.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб ата-энелерге өспүрүм балдары менен иштешүүдө психологдун кеңештерин жарыялады.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген.

Буга байланыштуу мектеп окуучулары үйдөн окууга аргасыз болууда. Демек, алар убактысынын көбүн ата-эне, жакындары менен өткөрө турганы маалым.

Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине психологдон кеӊеш:

  • Балдарыӊыздын ачык-айрымдыгын баалай билиӊиз, көйгөйлөрүнө көӊүл буруӊуз;
  • Теӊ укуктуулук таризинде баарлашыӊыз, буйрук мүнөзү сизге каршы ойнойт. Сиз аларды түшүнүп жатканыӊызды көрсөтүӊүз;
  • Шылдыӊдабаӊыз, сезимдерин тамашалабаӊыз. Балдарыӊызга сый-урмат менен мамиле кылыӊыз, алар аярлуу жана ызакор экенин унутпаӊыз;
  • Кыжырданбаӊыз жана жиниӊизди келтирбеӊиз, сабырдуу болуӊуз. Сиздин орой мамилеӊиз алардын жооп кайтарышына алып келиши ыктымал;
  • Балаӊыздын кызыгуусу жөнүндө тоотпогон, таарынткан маанайдагы сөздөрдү айтпаӊыз, ал мазактаганга жатат;
  • Өспүрүмдөрдүн мамилелерин орой жана кырс түрдө эч качан үзбөш керек. Анткени алар бири-бири менен баарлашканды жаӊыдан үйрөнүп жатат, оюнда жаман нерсе жок;
  • Анын досун (курбусун) үйгө чакырып, таанышыӊыз. Бул сиздин балаӊыз ким менен сүйлөшүп жатканы жөнүндө объективдүү, ачык-айкын билинет;
  • Сиз аларга үйдөн жолугууга уруксат берсеӊиз дагы да жакшы болот. Мында алар көрүшүү үчүн ар кандай күмөн санаткан жайларды издебейт;
  • Аларга өзүӊүз биринчи сүйүүӊүз тууралуу айтып бериӊиз. Бул сизге балаӊыз менен өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшөт; 
  • Эгерде сиз өспүрүм курактагы балаңыз менен жакшы мамиле түзө алсаӊыз, анда анын жүрүм-турумун гана көзөмөлдөбөстөн жоруктарына да таасир бере аласыз;
  • Эсиӊизде болсун, өспүрүм көптөгөн көйгөйлөргө дуушар болгондо ата-эненин жардамына абдан муктаж болот. Ошол эле убакта өзүнүн ички дүйнөсүнө бирөөнүн "баш багуусун" каалабайт жана ал буга толук укуктуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0