Министрлик канча медикке компенсация берилгенин айтты

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшВручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше
Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган. Андагы каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бүгүнкү күнгө карата 6 030 медицина кызматкерине компенсациялык төлөмдөр берилди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, март айына карата медиктерге төлөнгөн компенсациянын жалпы суммасы 34 миллион 716 миң сомду түзөт.

"Медицина кызматкерлеринин тизмеси дагы такталат. Майдын башына чейин бардыгына толук төлөп бүтөбүз", — деди министр.

Эске салсак, буга чейин коронавирус менен күрөшүү үчүн атайын эсеп ачылган. Жардам иретинде которулуп жаткан каражатты бөлүштүрүү комиссиясы дарыгерлердин кошумча маянасы үчүн 38,8 миллион сом берүү чечимин кабыл алган.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов эгер медициналык кызматкер коронавирусту кызматтык милдетти аткарып жатып жугузуп алса, ага 200 миң сом компенсация берилерин айткан. Эгер коронавирус жуктуруп алган медик каза болуп калса, үй-бүлөсүнө бир миллион сом каралмакчы.

Обсервационный центр в Мурманской области - Sputnik Кыргызстан
6 киши реанимацияда. Ооруканада жаткандардын абалы айтылды
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665ке жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0