COVID-19 жуктурган өтө оор абалдагы адамды дарылоого 118 миң сомдой сарпталууда

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүУральские ученые предложили препарат против коронавируса
Уральские ученые предложили препарат против коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, дарылоо оорунун түрүнө жараша жеӊил, орто, оор жана өтө оор болуп төрткө бөлүнөт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов коронавирус жуктуруп алган ар бир бейтапты дарылоого кеткен чыгым боюнча түшүндүрмө берди.

Министрдин айтымында, дарылоо оорунун түрүнө жараша жеӊил, орто, оор жана өтө оор болуп төрткө бөлүнөт.

"Жеңил формасындагыларды дарылоого 7988 сом, орто абалдагы бейтаптарга 16 миӊ 370 сом, оор абалдагыларга 74 миӊ 764 сом, ал эми өтө оор абалда дарыланып жаткандарга 118 миӊ 807 сом бөлүнөт", — деди министр.

Абдикаримов коронавируска чалдыккан бейтаптар акысыз дарыланарын айтып, бардыгы бюджеттен каржыланарын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев коронавирус аныкталган бир бейтапты дарылоого болжол менен 3000 доллар сарпталып жатканын айткан. Бирок кийинчерээк министрлик анын сөзүн жокко чыгарган

Министр здравоохранения КР Сабиржан Абдикаримов - Sputnik Кыргызстан
Министр: жеке коргонуу каражаттарын үч категориядагы кызматкерлер киет
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 665 учурга жетти. Анын ичинен 345и ооруканадан чыгарылса, 312си стационарда, алтоо жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Коронавирус өлкөдө сегиз адамдын өмүрүн алган.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0