Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги

© Фото / Чынара МусаеваМедсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса
Медсотрудник Марс Тыналиев, который вылечился от коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина кызматкери Марс Тыналиев жакында эле коронавирусту жеңип чыкты. Ооруканада вирус менен 24 күн алышса, анын 19 күнү жандандыруу бөлүмүндө өтүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

56 жаштагы Марс Тыналиев жыйырма беш жылдан бери Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык кɵзɵмɵл борборунда эмгектенет. Иш менен жүрүп вирус жуктурган медик Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маек курду. Ал оорунун канчалык коркунучтуу экендигин баяндап, элди вирусту алдын алууга олуттуу мамиле жасоого чакырды.

Эске сала кетсек, 25-апрелге карата вирус жуктурган медицина кызматкерлеринин саны 175ке жетти. Алардын ичинен 65и сакайып, кайрадан жумушуна киришти.

— Коронавирус сизге кандайча жабышты?

Нью-Йорк ооруканада медицина кызматкери болуп иштеп Нуркыз Эшенова - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йорктогу медайым Нуркыз: моргдо орун жок, эки контейнер да өлүккө толуп калды
— Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда санитардык дарыгердин жардамчысымын. Кыргызстанда коронавирус катталганга чейин чек арадагы өткөрмө посттордо чет мамлекеттен келгендерди тепловизор менен текшерип иштегенбиз. Андан кийин эпидемиологдордун тобу түзүлүп, лаборанттар сырттан келгендердин мурдунан мазок алып, мен алардын аты-жөнүн, кайдан келгенин жана башка маалыматтарын кагазга жазып иштеп жаттык.

Мага негизи азыркы күнгө чейин вирусту кимден жана кандайча жуктурганым табышмак. Бирок бардыгы эмнеден башталганын билем. Бир күнү жамгыр жаап, суукта калып калдым. Кийинки күндөрү чыйрыгып, калчылдап, дене табым көтөрүлүп, жумушка чыга албадым. Поликлиникадан өпкөмдү ренгтенге тартып, пневмония дешти. 20 жыл мурда дагы пневмония болгондуктан, айыгып кетем деген ойдо өзүм билемдик кылып укол алып, андан жакшы болуп калгандай сезилдим. Бирок кайра абалым оорлоп, Тез жардам менен №6 клиникалык ооруканага алып барышты. Ал жерден эпидемиологдорду чакырып мурдуман мазок алышты. Эртеси, 31-мартта, инфекциялык ооруканага алып барып, ошол жактан коронавирус жуктурганымды билдим. Дем алганым кыйындап, абалыма карап жандандыруу бөлүмүнө которушту. Бул оору өпкөдөн аябай кармайт экен, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганга аргасыз болушту. Дарыгерлер өпкөмдү рентгенге тартып, жакшы эмес экенин айтып турушту. 

© Фото / предоставлено Марсом ТыналиевымМарс Тыналиев: азыркы күнгө чейин вирусту кимден жана кандайча жуктурганым табышмак. Бирок бардыгы эмнеден башталганын билем.
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги - Sputnik Кыргызстан
Марс Тыналиев: азыркы күнгө чейин вирусту кимден жана кандайча жуктурганым табышмак. Бирок бардыгы эмнеден башталганын билем.

— Анүстүнө жашы өткөн адамдардын да ооруга туруштук берүүсү кыйын экендиги айтылат эмеспи.

— 56 жашка келип олуттуу өнөкөт ооруга чалдыккан жокмун, дене-кардым соо, бой-салмагым бири-бирине туура келет. Бассейнге барып, көнүгүүлөрдү жасап, жашоо ыргагым активдүү. Коронавирус негизи эле өпкөнү жабыркатарын билдим. Анүстүнө суукта, жумуш менен ачка жүрүп, иммунитет төмөндөп кеткенде жуктурдум окшойт.

Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы
Вирусту оор кабыл алдым. Жандандыруу бөлүмүндө катуу болуп жатканда дарыгерден "жашап кетүүгө мүмкүнчүлүк барбы" деп сурагам. Алар бир гана дарылап койбостон, жылуу сөздөрүн да айтып мага дем берип жатышты. Мынчалык катуу ооруган эмесмин! Көзүмдү ачсам эле медик турган болот, алар бир нерсе болуп кетпесин деп тыкыр көз салып турушту да. 19 күн кыйналдым. Дарыгерлердин айтуусунда, өтө эле катуу болуптурмун, эмне болуп кетет деп коркушуптур.

— Адатта вирус менен өзүңүз күрөшүп жүрүп ага чалдыгып калганыңызды укканда кандай абалда болдуңуз?

— Анда өзүм оор абалда жаткам. Дарыгерлер деле шак бетке айта салышпайт да, жооткотуп анан билдиришти. Укканда эмоция деген жоголду. Же ыйлабай, же коркпой бир башкача эле болуп калдым. Андан кийин ооруну жеңе аламбы же жеңе албай каламбы деген ойлор келет экен. Үйдөгүлөрдү, бала-чакамды, неберелеримди көрөмбү дейт экенсиң. Жасалма дем алдыруучу аппаратты алганда көрөр күнүм, ичер суум бар экен дедим.

Жатып алып балдарыма жугуп калган жокпу деп кыжалаттандым. Себеби үй-бүлөм чоң, 8-9 киши жашайбыз. Ата-эне деген өзүм оорусам да балдарым оорубасын дейт да. Алар карантинге алынышты, эч кимиси ооруган жок. 

© Фото / предоставлено Марсом ТыналиевымТыналиев: Бул оору өпкөдөн аябай кармайт экен, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганга аргасыз болушту. Дарыгерлер өпкөмдү рентгенге тартып, жакшы эмес экенин айтып турушту.
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыналиев: Бул оору өпкөдөн аябай кармайт экен, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырганга аргасыз болушту. Дарыгерлер өпкөмдү рентгенге тартып, жакшы эмес экенин айтып турушту.

— Үйгө чыгып келгенде аябай сүйүнсөңүз керек?

— Ооба, жакындарымды коюңуз, жада калса үйдүн дубалдарын сагыныптырмын. Азырынча өзүнчө бөлмөдөмүн. Небелерим менен эркелеше элекмин. Дагы эки жума обочолоном.

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
Мени ажалдын оозунан сууруп чыккан дарыгерлерге алкыш айтам. Инфекциялык ооруканада абдан сылык, иш билги дарыгерлер иштейт экен. Алар медик катары мага эле эмес башка дагы оорулууларга жакшы мамиле кылып жатышты. Палатадагы дарыгерим Койсун Ишеналиевнага, реанимациядагы дарыгерим Надыр Өскөновичке жана башка ак халатчандардын бардыгына таазим этем. Ооруканада жатканда саламаттык сактоо министри Сабыржан Токтосунович (Абдикаримов — ред.) чалып, ден соолугумду сураганда абдан көңүлүм көтөрүлдү. Өзүмдүн бөлүм башчым жана кесиптештерим тынбай ал-абалымды сурап турушту. Кыйын учурда колдогон жакындарыма, досторума жана башка адамдарга ыраазычылык айтам.

— Азыр ден соолугуңуз кандай?

— Ооруканадан чыгаарда үч жолу тест тапшырып, бардыгы тең вирус жок экендигин көрсөттү. Учурда оорудан кийинки реабилитациядан өтүп жатам. Абалым жакшы, өзүмдү жакшы сезип калдым. Буюрса эки жумадан кийин жумушума кайтам деп турам. 

© Фото / Чынара МусаеваТыналиев: Мени ажалдын оозунан сууруп чыккан дарыгерлерге алкыш айтам. Инфекциялык ооруканада абдан сылык, иш билги дарыгерлер иштейт экен. Алар медик катары мага эле эмес башка дагы оорулууларга жакшы мамиле кылып жатышты.
Жашап кетерим күмөн эле. Коронавирусту жеңген 56 жаштагы медиктин маеги - Sputnik Кыргызстан
Тыналиев: Мени ажалдын оозунан сууруп чыккан дарыгерлерге алкыш айтам. Инфекциялык ооруканада абдан сылык, иш билги дарыгерлер иштейт экен. Алар медик катары мага эле эмес башка дагы оорулууларга жакшы мамиле кылып жатышты.

— Элге эмне айткыңыз келет?

— Республикалык штабдын, Саламаттык сактоо министрлигинин айткандарын аткаргыла. Карантиндик эрежени сактагыла. Кечээ көчөдөн бирөөнү үч метр алыс туруңуз десем, мээң жайындабы дегендей карады. Ооруп жатканда белгилүү эле адамдардын коронавирус жок дегенин угуп, ушул ооруканага келип өз көздөрү менен көрүшсө болмок дедим. Бул вирус кооптуу, ага олуттуу мамиле жасаңыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0