Чүйдө коронавирус жуктурган 20 бейтап ооруну жеңди. Райондор боюнча тизме

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда айыгып чыккан тургундар үй карантининде болууда. Аларга үй-бүлөлүк дарыгерлер байкоо жүргүзөт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бүгүн, 26-апрелде, Чүй облусунда коронавируска кабылган 20 бейтап айыгып чыкты. Бул туурасында өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге карганда, Чүй облусу боюнча COVID-19 инфекциясына чалдыккан 44 жаран катталган. Учурда айыгып чыккан тургундар үй карантининде болууда. Алардын саламаттыгына байкоо жүргүзүү жергиликтүү үй-бүлөлүк дарыгерлерге жүктөлгөн.

Аймактар боюнча бөлүп караганда төмөндөгүдөй:

  • Аламүдүн району — 8;
  • Кемин району — 6;
  • Сокулук району — 3;
  • Москва району — 1;
  • Жайыл району — 1;
  • Токмок шаары — 1.

Коронавирустун кесепети

Дезинфекция жүргүзүп жаткан кызматкер - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну күтүлүп жатабы? Министрликтин жообу
Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 682ге жетип, анын жарымынан көбү, 370и айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0