Бишкектин коменданты карантинде отуруп көрө турган 10 фильмди сунуштады

© Пресс-служба правительства КРБишкек шаарынын коменданты, ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев. Архив
Бишкек шаарынын коменданты, ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин орун басары Орозалиев сунуштаган кинолордун арасында кыргыз жана советтик фильмдер бар экендигин байкоого болот. Сап башында "Жамийла" турат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын коменданты, ИИМдин орун басары Алмазбек Орозалиев карантинде отуруп көрө турган 10 фильмди сунуштады. Тизмени социалдык тармакка жайгаштырган.

Сунуштаган кинолордун арасында кыргыз, советтик жана азыркы тасмалар бар. Сап башында "Жамийла" турат.

Тизме:

  • "Жамийла". Режиссерлору: Ирина Поплавская, Сергей Юткевич (1968);
  • "Мимино". Режиссеру: Георгий Данелия (1977);
  • "Мальчик, который обуздал ветер". Режиссеру: Чиветел Эжиофор (2019);
  • "Энеге алып барар жол". Режиссеру: Акан Сатаев (2016);
  • "Джентльмены удачи". Режиссеру: Александр Серый (1971);
  • "Бриллиантовая рука". Режиссеру: Леонид Гайдай (1969);
  • "Көк бөрү". Режиссеру: Руслан Акун (2018);
  • "Спитак". Режиссеру: Александр Котт (2018);
  • "Джентльмены". Режиссеру: Гай Ричи (2019);
  • "Звездочки на земле". Режиссерлору: Аамир Хан жана Амол Гуптэ (2007).

Эске салсак, коронавирус менен ооругандардын саны 26-апрелге карата 682 адам болду. Алардын 180и медицина кызматкерлери. Кечээги эсеп боюнча дагы 5 ак халатчандан COVID-19 табылды.

Кыргызстанда коронавирус тууралуу соңку маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан окуп туруңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0